КЕЗЕК АЛМАНБЕТ АНАПИЯЕВДЕ

Кримавторитет Камчы Көлбаевдин оң колу аталган Алманбет Анапияевге ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы маалыматтык согуш жарыялады. Аталган кызмат ага карата бир топ айыптоолорду шурудай тизип чыкты. Сыягы, Анапияев жакын арада кармалат өңдүү.
ИИМ Анапияев менен Жаныш Бакиев жакын санаалаш болгонун, эриш-аркак кызматташкандыгын далилдер менен келтирип жатат. Министрликтин версиясы боюнча, кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү саналган Анапияев ошондогу өлкө башчынын инисине жолтоо болгондорду, каршы сүйлөгөндөрдү тындым кылуу же «тартипке чакыруу» жагынан каралашып турган. Өз кезегинде Жаныш Бакиев ага Алыш федерациясынын президенттигин ыйгаргандыгы да кошулган. Айыптардын тизмесинде мурунку президент К.Бакиевдин тушунда Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө дал ушул Анапияевдин салымы бар экени айтылган.
2010-жылдын 17-апрелинде маркум Медет Садыркуловдун машинасы менен сүзүшүп, администрация жетекчисинин унаасынын күлүн көккө сапырып, өзү аман калган Өмүрбек Осмонов 12 жылга соттолгон. Ал адам Анапияевдин тобундагы жигиттердин бири болгонун айтат милиция кызматы. Осмонов абакта отурган кезинде Апрель революциясы болуп, ал аёосуз бычакталып өлтүрүлгөн. Керексиз күбөнүн көзү ошентип тазаланып калган. Ишенимдүү ыкма. Өлүктөр сүйлөбөйт. Мындан сырткары 2011-жылы ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Анапияев Чоң Алай айыл округундагы көмүр кенин менчиктештирип алганы ачыкталган. Анан да ал Камчы Көлбаевди курал менен камсыздап турган жана анын түштүктөгү өкүлү катары Тажикстандын Хорогунан Ошко, андан ары Европага чейин баңгизаттарын жеткирүүгө жооптуу болуп турган делет.
Апрель окуясынан кийин Анапияев өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал Дубайда жашайт. Ооба, ал спортчуларды колдоп, демөөрчүлүк кылат. Мамлекет жасашы керек болгон, бирок маани бербеген иштерди жасап, алыш күрөш өнөрүн өнүктүрүп келет. Аны «мекенчил кыргыз жигити», атүгүл «баатыр» дегендер четтен чыгат. Бирок укук коргоо органдары эсептеп чыккан тоноо, киши уурдоо, өлтүрүү, сабоо, баңгизат ташуу, сатуу сыяктуу иштер оор кылмыш иштери катары саналат. Аларга көз жумуп коюуга мүмкүн эмес.
Алманбет мырзанын жактоочусу Самат Заков кардарына байланыштуу жалган маалымат таратты деп ИИМди күнөөлөп чыкты. Жактоочунун айтымында, кардары эч кандай уюшкан кылмыштуу топтун лидери эмес экен. «Январь айында Ошто өлтүрүлгөн полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө да катыштыгы бар деп Анапияевди күнөөлөштү. ИИМ жалган маалымат таратып, Анапияевдин аброюна шек келтирип жатат»,- деди ал. ИИМ билек түрүп киришкенине караганда, Көлбаевдин артынан темир торго кирүү кезеги Анапияевде көрүнөт.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Aslana
2013-07-29 17:16:50
Интернетте муну чутле "эл баатыры" деп алышат го. кыйын болсо башка олкодо баш калкалап журмок беле, кыйшыгы, кынтыгы бар учун качып-безип журот да. Бир аял бар мунун акчасына кайрымдуу иштерди откорумуш болуп туруп эле "адамдарга жардам берсен кандай жакшы" деп жаза берет. Ал акча канчалардын коз жашы менен келип атканы менен иши жок. Спортчу болсо оо укмуш спортчу деп укмакмын атын. Кримдуйно деген менен эле байланышат мен билгенден бул.
+2
teo
2013-07-29 18:04:34
жакшы инсан спортчуларды колдойт колунда жокторго жардам берет азыркы бийлик бул адамдарга кысым корсотуп жатат эмне ош окуясында борборго качып кеткен И Иаковду А Бекназаров Т Сариев Р Отунбаева А Атамбаев О Текебаевтер кокурогун коко которуп журот оз елин саткан адамдарды жараткан кечирбестир элден чыкын мырза патриот жигиттерди тим койгула .
-3
acer11
2013-07-31 13:28:07
teo, Алманбет ошту сактап калгандыгы учун кугунтукта журот эгер бийликтин кылганын кылганда журот эле депутат болуп.
+2
detective
2013-08-01 20:26:47
acer11, туура.ушул созунорду жогорудагыларга айтып койгулачы, а то мен жаза берип сенсорум тешилейин деп калды
-1
alievna.1989
2013-07-29 18:14:21
Aslana ал акчалар кайдан келгенин билбегенден кийин келесоого окшоп жаза бербе.биз кыргыздар качан эле спортчуларды колдодук эле.Алманбет акебиз чыныгы патриот
-1
salta77
2013-07-29 19:42:24
Эмне учун кыргыздан чыккан бычакка сап болчу жигиттерибизди куугунтуктай беришет?Алманбет мырза кыргыздын керегине жараган патриот жигит.Ким куноолу же куноолу эмес экенин тарых озу актап алат.
+2
kg_07
2013-07-30 03:10:37
atambaevdin altin medal alipm kelgen sport4uga 150 min somu bergeni uyaaat, anin janinda almanbet baike kan4a degen jarsdam berdi, bei be4aralarga, kedeilerge li4no ozum korgom ukkan emesmin! alsa 4irigen deputtatardin ak4asin algandir alar ozdoru jizn bermek eems det domdorgo ak4asin! a jangagi komur bolso, bir deputat elge kimbat satyp jatkanda almanbet alaiga baryp elge arzan baada alip Bergen emi alista jurso ele moinuna ar nerseni ile beriwkeni jaman da.
+2
allan
2013-07-30 14:30:13
kg_07, Андай болсо,бизге керектуу инсан экен!
0
abaychik
2013-08-03 16:30:08
kg_07, Робин Гуд го.
0
admin_media
2013-07-30 10:18:00
roy,
Сизге эскертүү!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
allan
2013-07-30 14:33:48
Чондор элдин акчасын тартып жеп байып жатышат.Ал эми Анапияевге окшогон азаматтар чондордон кайра элге алып берип жатса,чиновниктерге жакпай жатса керек.
0
detective
2013-08-01 20:30:04
allan, биздикилер уйронуп калышкан, бироо женип баратса,байып баратса ***** тырмашат. дагы мончоктой илиптир, озунун моюнуна батпай калат ошентип эсептесе
-2
temirlan85
2013-07-30 19:00:03
Бийликтин алы жетсе алып келип камасын, ошондо коробуз эмне болорун, азыр турмого Камчы, Женго, Лимонти деген аттуу баштуу крим тоболдору чогулуп жатат, эртен Алмамбет келсе КРны зонадан башкарып калышат..
+1
kg_07
2013-07-30 21:42:46
aslana krim duino mn bailaniwsa bailaniwkandir, anin janinda milicialar ne iw kilip jatat? milicialarga, deputattarga Karaganda jakwilikty kop kil4u jonokoi elge, kan4a degen kiwi jarda surap barganda otkaz kilbai koptorgo jardam ber4i azir bir ministr je deputatka bar4i ir4ilarga klip taryp 2-ayal kilgandi ele jakwi biliwet!
+1
guragan
2013-07-31 01:37:41
Вор должен сидеть..
+1
Almaz-78
2013-07-31 10:55:57
Алмамбеттей баатырлар коп болсун.Чыныгы патриот.копту коргон корогоч,созу орундуу,кайрымдуу инсан.Эч убакта бечара карыптарга зыяны тийбейт.Эч ким мойнуна коюп бере албайт мени тоноду деп.Депутаттар куноону койгонду билет бироого,озунун тоодой куноосун сезбейт.ар бирибиз патриот бололу кыргызымдын жигиттери
0
allan
2013-07-31 16:10:30
Батукаевти чыгарып жиберишет дагы,Анапияевти камап койуш керекби?Где справедливость?
+1
booru.1991
2013-07-31 21:05:37
Алманбетти кармап соттоп корсунчу, анан коробуз. Анын жердештери бар, теетиги Ленин пик чокусунун тубундо жашаган. Алар жон карап турбайтко. Батукаевге боору ачып бошотуп Алманбетти камаса элге жага бекен? Озу Камабаган Алманбет эле Калды. Бунун баарын "тетигилер" кылып жатат. Алар корбой жатат "учунчу" кезек оздорундо экенин. Ал кезек келет эртен эле, убакыт учкан куш деп бекер айтпаса керек. Ананда жаза соссоз бар эекенин унтпаса болду.
0
detective
2013-08-01 20:34:51
эх, Борончу акам айтмакчы ЖАНЫ ЖЫЛДАААР!!!!!!
эртен алар кетсе, башка ЖАНЫ ЖЫЛ келсе, ошону мактап каласынарбы майда-барат ЖАНЫ ЖЫЛДАР????
0
STARS-BOYS88
2013-08-03 12:23:07
Биз кыргызбыз!ичи тар,коро албас адамдарбыз,ошондуктан кичине башы которулгондорду эптеп жоготуп турабыз,баары коро албастыктан келип чыгып атат,
+1
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан