ЧАТКАЛДА 4 КЫРГЫЗДЫ КЫТАЙЛАР САБАП САЛДЫ

23-июлда Чаткалдын Терек-Сай айылындагы кен иштеткен кытайлык «Альянс» компаниясында иштеген кытайлар менен Кызыл-Токой айылынын жашоочуларынын ортосунда мушташ чыкты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, «таза сууну булгабагыла» деп компанияга барган Кызыл-Токой айылынын тургундарына биринчи болуп ал жерде иштеген кытайлар кол көтөргөн. Мушташ сүйлөшүүлөрдү уюлдук телефонуна тартып жаткан жаранды кытай кызматкери уруп жибергенинен башталган. Жыйынтыгында 4 кыргыз жаранын кен иштеткен «коноктор» сабап салгандыгын Жалал-Абад облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сабалган жарандар ооруканага кайрылган эмес.
«25-июль күнү райондун акими, укук коргоо органдары окуя болгон жерге барып, эл менен жолугушту. Бийлик өкүлдөрү кыргыздар менен кытайларды элдештирүүгө аракет кылышкан. «Альянс» компаниясынын алтын каза баштаганына 1 ай болуп, анын лицензиясынын мөөнөтү 20-июлда бүткөн. Териштирүүлөр бүткөнгө чейин компаниянын иши токтотулду»,- деп кабарлады облустук басма сөз кызматы. Кошумчалай кетсек, «Альянс» компаниясында 24 кыргызстандык, 31 кытай жараны иштейт.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
kaniet
2013-07-29 12:07:43
Бул эмнеси озу Москвада бир оруска жамаг соз айтып эле койгун эмне кылышаар экен, откондо менттерге асылышып сабашты эде, эми жонокой жараандарды, бу бийлик бир чара колробу кытайларга же эл озу аракет кылыш керекпи....?
0
miniusha
2013-07-29 13:49:29
кана эми кыйкыргандар мына ушул жерге барып митинг кылып компанияны омкоруп салыш керек, эмне деген шумдук иштеп аткан адамды урат деген, озбектер бутуп эми кытайлар калды сабай элек((((
+5
MaRmeLaDka
2013-07-29 14:10:31
miniusha, ошо, өз мекенибизде чет өлкөлүктөргө кор болуп. Мыйзам иштесе баарын ордуна коюп койсо болмок.
0
talas-1985
2013-07-29 17:04:32
чаткалда эки зона бар чапчыма ашуусунун ары жагы, бери жагы болуп, ары жагында таза тоолук кыргыздар жашайт таласка жакын,эгер кытайлар ошол жакта болгондо жок кылып салышмак жон эле,ала букада озбектерди токтоткон да ошол тоолуктар болгон,,,бул кытайлар бери жагында иштешет экен жергиликтуу эл жоош окшойт походу
+1
Beka_89_kg
2013-07-29 17:13:59
Элдештирди дейт камаш керек кытайлврды
+2
teo
2013-07-29 18:11:01
биздин бийлик алсыз кытайданда карыз алган окшойтта ушундай боло берсе кыргыздар кандай жашо коруп калабыз
0
altinim
2013-07-29 19:39:30
ур токмок жеп алып неге арызданышпады кызык экен унчукпай койгону , чынле омкоруп салышпайбы кумурскадай кылып аларды быжылдатпай
+1
admin_media
2013-07-29 19:53:05
murgab2013,
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!
0
adisbai
2013-07-29 21:59:47
биздикилерде да куно барда ошон учун кайрылган жокда
-1
altinim
2013-07-29 23:48:56
adisbai, мүмкүн акча алышып алгандыр да басты басты кылып ээ
0
Mirko.93
2013-07-30 00:16:51
adisbai, каным кайнайт да, ошол жерде мен болгондо
+1
allan
2013-08-04 22:00:11
adisbai, Кайрылганда толк жок экенин билишет да.
0
temirlan85
2013-07-30 18:52:37
Карап тургула кийин улут аралык согуш кыргыз м кытайдын ортосунда болчудай
0
enn07
2013-07-31 01:34:17
ээх биз кыргыздар качанга чейин кордолуп журобуз? тиягыдан озбектер биягыдан кытайлар, казактар, орустар. тундук туштук деп болуно бербей качан ушуга окшогондордун сазайын беребиз? деги качан акыл кирет бизге?! ооо кудай...
+1
kara-koz
2013-08-01 19:49:28
Эгер кытайларга кооп катуу суйлоштон корком мен кичине уруш болгонун билишсе бизди бир провинция эл келип тебелеп эле кетет!коркуш керек!!!
0
detective
2013-08-01 20:39:30
эххх, супердин бул саны расса конулумду тушурду. Кыргызстанда эмне жанылык деп расса куттумле((((((
0
Emil.87
2013-08-03 01:46:50
Бул башталышыго оз мамлекеттин ичинде туруп тайак жеген жерди арендага бергендерди сабаганда жакшы болмок женил акча жеген элем деп бир арман кылганда тайягында жээп
0
LISICHKA
2013-08-03 15:57:59
Озубектер бутуп,кытайлар жетишпей жатты эле бизге.Озубуздун жерибизде,элибизде ,торубуздо башка улуттардын таягын жеп журо берели.Чондорубуз оозун ачып журо беришсин.
0
omur2105
2013-08-04 21:17:20
Акимдин оозун бир майлаштыда кытайлар.
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан