Икрамидин Айткулов, адвокат:«ТАНАЕВ, ЧУДИНОВ, САРИЕВ, ТАШИЕВГЕ АДВОКАТТЫК КЫЛДЫМ»

Акыркы учурда жаңылыктар төрүн түрдүү соттук процесстер ээлеп жатат. Андай ызы-чуулуу окуялардын ичинен жактоочу Икрамидин Айткуловду байкабай коюу мүмкүн эмес. Кыргызстандын учурдагы атактуу адвокаты атыккан каарманыбыздын жашоосундагы өйдө-төмөндөр менен кызыктары назарыңызда.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Айткулов Икрамидин Назирович

  • 1956-жылы 10-сентябрда Ноокат районунун Жал айылында туулган
  • Казань Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган
  • Юстициянын полковниги, 15 жыл милицияда иштеген
  • Пенсияга чыккан соң адвокаттыкка өткөн
  • 4 уулдун атасы, 2 небереси бар

КИТЕПТЕН БАШЫН АЛБАГАН БАЛАЛЫК
«Акыл Айга жеткирет, билим көккө жеткирет». Ооба, бул айныгыс чындыкты турмушта ийгиликке жетишкен адамдар тастыктап келет. Алардын катарында бүгүнкү коногубуз да бар. Ал бала кезден эле билим алууну, китеп окууну баарынан жогору коюп келген. «Жадакалса чай ичип отурганда да китеп маңдайымда, окуп тамактанчумун. Көзүм уйкуга кеткенде гана китеп калып кетпесе, башка учурда китептер мени менен болчу. Өзүм көбүрөөк берилип окуганым гуманитардык сабактар эле. Мындан сырткары атам юрист болгондуктан, бул багыттагы китептер үйдө көп эле. Юридикага ошентип жаштайымдан сугарылып калдым окшойт»,- деп ал күндөрдү эскерди каарманыбыз. Мектептеги үлгүлүү окуучу тартиби, жүрүм-туруму боюнча тил угуп көргөн эмес. «Атам өмүр бою прокуратура кызматкери болду. Анын жумушуна байланыштуу туруктуу бир жерде жашаган жокпуз. Ош, Өзгөн шаарларында, Ноокат районунда көчүп-конуп жашадык. Бирок мен мектепти Өзгөндө 3-класстан баштап, ошол жерден бүтүрдүм».

ЭНЕРГЕТИК БОЛМОК
Атасы уулун юридикадан алыс кармагысы келген. Өзү бул тармакта иштегендиктен, «бул көп нерв корото турган кесип, юрист болбо» дечү. Мектепти бүткөндө үй-бүлөдө жыйын болуп, Икрамидин мырзага кесип тандашат. Акыры алар Бишкектеги Политехникалык институттун энергетика факультетине токтолушат. Себеби ал жерде тууганы окутуучу болуп иштечү. «Ал сени карап жүрөт дешти. Бирок менин өзүмдүн бул кесипке барам деген так тандоом жок эле»,- деп эскерет каарманыбыз. Ал жерде бир жыл окугандан кийин адистик боюнча сабактар кошула баштаганда бул кесип жакпай тургандыгын билет. Окууга жумалап барбай, депрессияга кабылып үйдө жатат. Акыры энергетик болуудан баш тартып, чечимин ата-энесине билдирет. «Албетте, алар жөн эле кабыл алышкан жок. Бул окуя талаш-тартыш, ызы-чууга айланды. Алар Оштон Бишкекке бат эле келип калышты, «жок дегенде ушул окууну бүтүр, анан юридикага тапшырасың» дешти. Бирок мен ага макул болгон жокмун. Анан ата-энем деканга киришти. Мени чакырып, декан коркутканга чейин барган. Болбодум, өжөрлөнүп окууну таштадым»,- деп бул үчүн өкүнбөй турганын айтат каарманыбыз. Андан кийин өзүн сынап көрүүнү чечип, «балким, мага жакын сезилгени менен, юридика да жакпай калсачы, байкап көрөйүн» деп Ошко барып, шаардык сотко катчы болуп жумушка орношот. Сот процесстерине катышып, бул майданда кайнай баштаганда гана юрист болушу керектигин толук түшүнөт.

КАЗАНЬ. ТАТАР КЫЗЫ.
Антип-минтип 1975-жылдын жазы келип, Икрамидин мырза аскерге чакырылат. Орусияда кызмат өтөйт. Бир жылдан соң мыйзамдарды, юридикалык терминдерди унута баштаганын байкап, даярдануу керектигин ойлонот. Бүткүл союздук юридика институтунун сырттан даярдоо курсуна тапшырып, алардын китептерин алып даярдана баштайт. Кызматты бүтүрүп келип Бишкектен Орусиянын окуу жайларына юридика факультетине документ тапшырып, сынак берет. Ошол 1977-жылы Кыргызстан үчүн юридика факультетине 2 орун берилсе, экинин бири болуп окууга өтүп, Казань Мамлекеттик окуу жайын көздөй жөнөп калат. «Студенттик күндөр кызыктуу өтүп жатты, бирок бул 2-курска чейин уланды. Анткени мен 2-курста үйлөндүм. Келинчегим татар кызы болгондуктан, ата-энем каршы чыгышты. Мага каражат жагынан жардам бербей калышты, ал тургай сүйлөшпөй да коюшту. Жубайым экөөбүз тең окуйбуз. Каражат табыш үчүн жатаканага короо шыпыргыч болуп жумушка орноштум. Жыл айланып балалуу болдук. Кыйынчылык ошондо башталды. Тун уулум төрөлдү, сабакка кезектешип барып окуп калдык. Бир парага ал барып келет, кийинкисине мен. Биз бара албай калсак, группалаштар бизди жаап-жашырып жардам берип жүрүштү»,- деп ал күндөрдү жылмаюу менен эскерип отурду. Ата-энеси балалуу болгондон кийин «артка кайтпайт тура» деп жаштарды кечирет. 3-курсту аяктап, Ошко келип баланы аларга калтырып кетип, окууну мыкты аяктап келишет. «Мен милиция кызматкери болуп ишке алындым. Дээрлик 15 жыл тергөө органында иштеп, андан соң Улуттук коопсуздук кызматына кирдим. 2004-жылы өз каалоом менен жумуштан кеттим. Ошентип, адвокаттыкка келип калдым»,- дейт эмгек жолун айтып. Бирок ага адвокатурада эки нерсе таптакыр жакпаганын төмөнкүчө чечмеледи: «Биринчиси, соттук процессти күтүү, себеби эч качан айтылган убакытта башталбайт же кетип кала албайсың. Экинчи кемчилиги, эч качан эс алууга чыга албайсың».

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып адвокаттын ишмердүүлүгү, өлкөдөгү сот системиндеги оош-кыйыштар жөнүндө пикирин билдик.

– Жашооңузда жактоочулукту таштап кетүүгө чейин ойлонткон, эң оор, адилетсиз сот чечими болгон беле?
– Чындыгында, «ушундай иште иштегенден көрө...» деп баарына кол шилтеп кете турган учурлар болгон. Мисалы, «Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Алмаз Абековго карата козголгон кылмыш ишинде. Тергөө учурунда да мыйзамда жок нерселерди ойлоп таап, айыпталуучуну адвокат менен терезенин артында телефон аркылуу сүйлөшө турган кылып коюшуптур. Бирок мен аларды сотко берип, ошол тосмону алып, телефон аркылуу эмес, маңдай-тескей сүйлөшө турган чечимин чыгарттым. Мыйзам бузуу бул иште ашыкча көп. Ошол эле мурдагы cоциалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун ишинде да мүчүлүштүктөр толтура.

– Эгер сыр болбосо, ставкаңыз канча?
– Мен абдан чоң иштерде жактоочулук кылдым. Кардарларым кедей эмес адамдар. Мисалы, Николай Танаевдин, Игорь Чудиновдун, Бермет Акаеванын, Темир Сариев оппозицияда жүргөн кезинде, мурдагы каржы министри Таалайбек Койчумановдун, учурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бир тууганынын, Учкун Ташбаевдин, Камчыбек Ташиевдин ишинде жактоочулук кылдым. Ал эми баасы, ар кайсы иш ар кандай, анан мынчадан кем эмес же жогору деп айта албайм. Айрым учурда акысыз да жактоочулук кылам. Эгер ал иш мен үчүн абдан кызыгууну жаратса. Ал кедей же бай экенинен көз каранды эмес, менин кесиптик профессионалдуулугумду сынап көрүү максатында.

– Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүнө канткенде, качан жетебиз?
– Бул тармакты реформалоо керектиги ар бир бийлик алмашканда айтылат. Бирок эч биринин эрки жетпес болду. Сот системин түп-тамырынан өзгөртүү керек. Мындан сырткары Башкы прокуратураны да тазалоо, иретке келтирүү зарыл. Башкы прокурор Аида Жеңишбековна аял катары сулуу, тыкан кыз. Ал эми профессионал катары өз ишин билбейт деп баалайм, прокуратура түзүмүндө анын башкаруусу астында көптөгөн кемчиликтер кетирилди. Өзгөчө «ата журтчу» үч депутаттын кылмыш ишин козгоодо, тергөөдө өтө көп катачылыктарга жол берилди. Башкы прокуратура мага бирөөнүн буюртмасын аткаргандай сезилет. Мындай систем менен биз эч кандай акыйкаттыкка жете албайбыз.

– Оппозициядагы депутаттарды жактоо коркунуч туудурган жокпу?
– Мен бийликтин оппозициясындагыларды жактоодон коркпойм. Ошондуктан мындай иштерди көбүрөөк алам. Канчалык алган ишим оор болсо, мага ошончолук жагат. Мен кардарларымдын бийликке оппозиция-позиция экенин эске албайм.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
talas-1985
2013-07-29 21:49:55
жакшы киши корунот го
0
ruslanwww
2013-07-31 15:22:59
owo sariev owo tawievderdin ak4asy jok bolso poktu advakatyk kylmak
0
detective
2013-08-01 20:48:37
ruslanwww, жок силердин акчанар бар деп баш тартыш керек беле ай
0
nasik198
2013-08-01 21:44:02
Жакшы маек болуптур.Башкы прокуратурага айткан сыны туура .
+1
HUMMER
2013-08-06 01:08:27
менда сот болсом на борот акчасы копторду раса чукуйт елем чиркин
0
benera
2013-08-18 22:48:20
CHudinov menen Tanaevdi emnege korgoit uialbaiby alar kyrgyzdy satkan adamar
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан