23-июль күнү белгилүү куудул, төкмө акын, ырчылар баштаган жарамазанчылар тобу биздин кеңсебизге жарамазан айтып келишти. Аккордеон, комуз, гитара өңдүү музыкалык
аспаптар менен шаңдуу кирип келген жарамазанчылар бат эле редакцияны шаңга бөлөп жиберишти. Төкмө акын Сапарбек Зулпуев, куудул Жамбыл Камчиев, ырчылар Болот Алымкулов, Ийгилик Курулушов жана Советбек Темиров, Муратбек Темиров болуп чогулган топ «Жарамазан айтып өлкөнүн 7 дубанын кыдырып чыгабыз» дешет. «Куттуу үйдөн куру кайтпайт» демекчи, жарамазанчыларга белегибизди берип жылуу узаттык.