МАНАСЧЫЛЫК - КЫЛЫМДЫ КАРЫТКАН МУРАС

Мурункудан калган сөз,
Мурас кылып алган сөз.
Муштум болуп түйүлсө,
Музду жарчу балбан сөз.
Мына ушул “балбан сөздүн” ээлери манасчылар менен болгон “Манас” эпосу, манасчылык өнөр туурасындагы кызыктуу баяныбыз сиздердин көз сыныңыздарда.

Уркаш Мамбеталиев

– “Манасты” ойдон чыгарылган жомок дегендерге пикириңиз...
– Менин андай деп айтууга оозум барбайт. Манас – чыныгы турмушта жашап өткөн кыргыздын улуу, ыйык адамы. Ал тургай бул адам туурасында Кытайдын байыркы тарыхтарында да жазылып калган экен.
Чындыгында, биз да улуу жомок деп айтабыз. Манасчыларды байыртан жомокчулар деп атаганын да билет чыгарсыңар. «Жомокчу» деген сөз «акын» дегенди туюндурат. Акындык өнөр ар кимге эле бериле бербейт. Бирок «ойдон чыгарылган» деген пикирге эч негиз жок.

Рысбай Исаков

– Түшүңүздө элирип “Манас” айтып, жарыңыздын жүрөгүн түшүргөн күн болду беле?
– Кудай сактасын. Элирчү болсом күндүз эле элирип, теминчү болсом күндүз эле теминип айтам. Антип бирөөнүн жүрөгүн түшүрүп, үрөйүн учуруп “Манас” айткандын өзү туура эмес. “Манасты” уга турган, акылына жуга турган адамга айткан жакшы.
– Манасчылыктан башка дагы өнөрлөрүңүздү угуп жүрөбүз. Бири-бирине тоскоол болбойбу?
– Желпинет кыздар наз менен,
Жер көркү тура жаз деген.
Жеринен мыкты жигитке,
Жетимиш өнөр аз деген.
Эки-үч өнөрдү билип алып эле желпинип, мактангандын кажети жок. Өнөрдү канчалык көп билсең, ошончолук өзүңө жакшы.

Назаркул Сейдрахманов

– Бул өнөрдүн башка өнөрлөрдөн артыкчылыгы эмнеде?
– “Манастын” башка өнөрлөрдөн артыкчылыгы, муну кыргыздан башка бир да улут айта албайт. Бул жаралгандан кыргыз элинин энчисине мөөр болуп басылып берилген.
Экинчи бир артыкчылыгы, башка элдердин эпосторундай болуп бир учурда гана айтылып жана бир вариантта гана жазылып, ошол бойдон тим болуп калбай, муун алмашкан сайын жаңырып, ар түркүн варианттарда айтылып келгендигинде. «Манас» – улуу, ыйык эпос. Андыктан аны сыйлай билиш керек.

Дөөлөтбек Сыдыков

– Бир кезде Кытайга барып “Манас” айтып, Жусуп Мамайдын батасын алып келдиң эле, андагы таасирлер туурасында ой бөлүшө кетсең...
– 2005-жылы октябрь айында атайын өкмөттүк делегация менен Кашкар шаарына “Манас” айтып барып келгем. Бир күнү ал кездеги мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Жусуп Мамайга өзү алпарып: “Ушул балабыз да “Манас” айтып жүрөт, батаңызды берип койбойсузбу”,- деп батасын алып берген.
Ошондон тартып чыгармачылыгымда бир топ жылыштар болду. Ал тургай азыр “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүн да айта баштадым.
Бизден айырмаланып, алардын эли “Манасты” уга да, сыйлай да билет экен. Мына ушунусу мага өзгөчө таасир калтырды.

Талантаалы Бакчиев

– Бүгүнкү күндө манасчылык өнөр менен жан багууга болобу?
– Манасчылык өнөр менен жан багууга болор эле, эгерде бизди элибиз уга турган болсо. Кечээки эле өткөн Сагымбай атабыз эл кыдырып, жер кыдырып, жалаң ушул өнөр менен үйбүлөсүн, ал тургай бүтүндөй бир айылды баккан эмеспи. А бүгүнкү күндө ага мүмкүн эмес. Себеби элдин пейили кетип, “Манасты” татыктуу уга турган бир жан таппайсың. Ошондуктан азыркы манасчылар кош өнөрдү аркалап жүрүшөт. Мисалы, мен – мугалиммин. Ушул кесип менен жан багып келем.

Самат Көчөрбаев

– Мындан бир топ жыл мурун Калмакстандагы фестивалга барып келдиң. Калмактарга “Манас” айткан кандай болот экен?
– Калмакстанга манасчы Рысбай Исаков экөөбүз “Дүйнөлүк эпос” фестивалына барып келдик. Биздин эпос башка элдердин эпосторунан айырмаланып, эч кандай музыкалык аспаптын коштоосу жок айтылат эмеспи. “Музыкалык аспап коштобосо деле обонго салып, ар түркүн ыргакта кантип айтасыңар?”- дешип бардыгы аябай таң калышты. Ал тургай кызыгып, Рысбай байке экөөбүзгө атайын өздөрүнүн жаңгарчыларына (“Жаңгар” – калмак элинин эпосу) мастер-класс өткөртүштү. Кызыгы, ал мамлекет жаш жаңгарчыларына пособие, карыларына пенсия берип турат экен.

Улан Исмаилов

– Кантип “Манас” айтып калгансың?
– “Манас” айтуу үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Күтүүсүздөн арбактардын аяны аркылуу айтып калгам. Ага чейин “Манасты” толук окуп да көрбөптүрмүн, окуяларынан да кабарым жок экен. Он жетиден он сегизге караган кезимде күүгүм талаш Баатыр чоролору менен көрүнүп: “Мени унутпай айтып жүр”,- деди.
Бир күнү Айкөлдүн чоролорунун бирөөсү: “Баатыр сага бул жерден бата бербейт. Манастын күмбөзүнө бар. Ошол жерден жакшы айтсаң адам болуп келесиң, жаман айтсаң майып болуп келесиң”,- деп айтып калды. Бир жылдан кийин жети кой алпарып, күмбөздө жети күн «Манас» айтып, Баатырдын батасын алдым.

Тарых тастыктайт...

  • Кыргыздын алгачкы манасчылары Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң Үмөт уулу болгон деп айтылат.
  • Буга чейин “Манас” эпосун алгач кол жазмага түшүргөн Чокан Валиханов деп келсек, тарыхчылар ага чейин эле XV кылымдын аягы, XVI кылымдын баш чендеринде жарык көргөн Сайф-ад-дин Аксыкентинин “Мажму-ат-Таварих” китебинде Манас тууралуу маалыматтар кездешкенин далилдеп чыгышты.
  • “Манас” эпосун эң биринчилерден болуп үн жазуучу аппаратка XX кылымдын баш чендеринде орус саякатчысы Смирнов кыл кыякчы, манасчы Кенжекарадан жаздырып алган.
  • “Манас” эпосу боюнча тартылган эң алгачкы кинотасма – Болот Шамшиевдин “Манасчы” көркөм фильми.
  • 2003-жылы ЮНЕСКО тарабынан төкмөлүк жана манасчылык өнөр “Дүйнөлүк руханий мурастардын шедеври” катары таанылган.
  • Бүгүнкү күндө Мамлекеттик архивде 61 манасчынын варианты сакталып турат.
  • Памирлик кыргыз манасчыларынан француз окумуштуусу Реми Дор “Манас” эпосунун варианттарын жазып алган.
  • Тибет кыргыздары “Манасты” комуз менен айтышат.
  • Кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай “Манастын” жети муунуна чейин айтса, С.Каралаев алты муунуна чейин айткан.

Уламыш

Бабабыз Манас өлгөндө айтылуу чоро Жайсаң ырчы аза туунун түбүндө кырк күн, кырк түн Манастын туулгандан өлгөнгө чейинки кылган иштерин, жасаган эрдиктерин даңазалап, кошок-ырга салган экен. Мына ошол кошок-ыр “Манас” эпосунун башаты болгон деген уламыш бар.

Кызык экен...

Айтылуу Компартиянын кайсы бир “билерман сөрөйү” Саякбай Каралаевди “Манаска” партияны кошуп айт” деп кысмакка алат. Ошондо кайран карыя эки санын бекем мыкчып отуруп:

“Көзү күйгөн чок эле,
Сөзү тийген ок эле.
Атаңдын көрү эр Манас,
Ошондо,
Партияда жок эле”, - деген экен.

Эрлан Жумагазиев
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 352, 31-июль-6-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан