Сөзү курч, «калемпир» журналист Эрнис Кыязов ОшТВ телекомпаниясынын жетекчилигине барды. Буга чейин аталган медиамекемени Сюита Соурбаева башкарып келген. Анын жумуштан эмне себептен кеткени азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, Эрнис мырза буга чейин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында иштеген. Сүйүнүчү коюнуна батпаган журналист үй-бүлөсү менен эчак Ош шаарына көчүп барганын айтты. Эрнис барды, эми мэрди мактаган маалыматтар көп болобу же жок болобу көрө жатарбыз.