Актёр, режиссёр Азамат Арыков «Аят-3» тасмасын тартууга киришти. Бул жолу фильмге белгилүү актёрлор Мукамбет Токтобаев, Назым Мендебаиров катышууда. Андан сырткары тасмадагы Алинин жубайы Фатиманын ролун эми Азаматтын өзүнүн келинчеги ойнойт. Азамат бул тууралуу «кайсы жакка барбайын «Фатима чын эле аялыңбы?» деп сурап тажатышты. Анан мына сага деп жубайым Бегайымды тартып салдым. Эми бирөө-жарым «жубайыңбы?» деп сураса, актанып отурбайм» дейт. Бул чын эле режиссёрдун идеясыбы же келин бала жолдошун бөлөк кыздарга жолоткусу келбей «чымчып» койгонбу, аны биле албадык.