Юрмалада өткөрүлүүчү «Жаңы толкун» эл аралык сынагы 24-июлда башталды. Таланттарды бириктирген сынактын жүрүшү 4 күнгө созулмакчы. Биринчи күнү катышуучулар дүйнөлүк хиттерди аткарышса, 2-күнү «Жаңы толкундун» мурунку катышуучулары менен дуэт ырдашат. Ал эми 3-күн Орусиянын белгилүү композитору Леонид Агутиндин чыгармачылык кечесине арналат. Кайра 4-күнү катышуучулар Иосиф Кобзон, Иван Дорн, Ани Лорак, «A'Studio» тобу, Тимати, Борис Моисеев, Верка Сердючка сыяктуу атактуу ырчылар менен биргеликте жаңы ырларды аткарышмакчы. Андан сырткары 26-июлда сынак алдынан катышуучулар менен Орусиянын эстрада жылдыздарынын ортосунда футболдук таймаш болору белгилүү.
Биздин өлкөдөн Юрмалага жаш ырчы Айбек Бакытбеков кеткен. Айбек менен байланышканыбызда ал «баары жайында, бүгүн сынактын алгачкы күнү. Кудай буюрса, даярдыгым жакшы» деп куунак жооп берди.
«Жаңы толкун» эл аралык сынагынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, дүйнөлүк хиттерди аткаруу тапшырмасы боюнча Айбек 11-орун менен 12-орундун ортосунда турат. Сынакка жалпысынан 16 ырчы катышууда. Азырынча жыйынтык чыгарууга эрте. Ийгиликтин баары алдыда деген илгери үмүт менен мекендешибизди колдоп туралы.