Чубак Сатаевдин көзү өтсө да, анын ырлары дайыма элдин жүрөгүндө сакталуу. Убагында улуу ырчынын атынан «Чубак» аттуу топ түзүлгөн. Ырчы аганын көзү өткөн соң топ өз ишин токтоткон эле. Эми минтип көп жылдан кийин кайра чыгабыз деп жүрүшөт. Иниси Кушчубек Сатаев «агамдын арбагы ыраазы болсун» деп топту кайра жандандырганын айтат. «Буюрса, биздин топ фольклордук негизде чыгармачылыгын улантат. Башкы солистибиз Закиржан хинди, тажик, өзбек, уйгур тилдеринде ырдамакчы. Албетте, агамдын да ырларына чоң көңүл бурабыз»,- дейт Кушчубек Сатаев.