«Супер-Инфонун» версиясы боюнча «2012-жылдын супер актёру» Аскат Сулайманов алгачкы жолу «Айыл өкмөтү» тасмасында аймактык «бабник» инспектордун образы аркылуу кино дүйнөсүндө тушоосун кескен. Оо, ал кезде Асакенин болуп-толуп турган убагы эле. Андан кийин да кыргыз киносунда көптөгөн образдарды жаратты. Азыркы тапта жаш режиссёр Санжар Абдыжапаровдун «Участковый» аттуу жаңы тасмасында так эле ошол образын жаратып, кыз-келиндерди жанынан кыя өткөрбөй жүргөн чагы.