Санжар Бердибековдун уулу Рамазан:«ЧОҢ АТАМ АСМАНГА УЧУП КЕТКЕН»

Куудул Санжар Бердибековдун уулу Рамазан үч жашта. Аны конокко чакырганыбызда таңылган колун футболкасына катып апасы Рахат экөө редакцияга келишти. Балакай тентектигинин айынан бир жума мурун акырегин сындырып алыптыр. Маектешибиз атасына абдан окшош экен.

Туулган жылы, күнү – 17-август, 2010-жыл
Мүнөзү – Аябай тентек, өжөр, эч кимди укпайт
Кимге жакын? – Апасы эртеден кечке үйдө отургандыктан, апасына жакын
Жакшы көрүп жегени – Шоколад
Жакшы көргөн кийими – Жылаңач жүргөндү жактырат
Жакшы көргөн оюнчугу – Машина жана атасынын уюлдук телефону

– Таанышып алалы, ээ, атың ким?
– Нома (үйүндөгүлөр Рома дешет) анан Амажан (Рамазан).

– Рамазан, эмне жейсиң, сатып берейин...
– Бумга түшөм, чокалад жейм. Коката (картошка) жебейм.

– Атаң кайда?
– Ата жатат үйдө. Азю (бөлөсү) да жатат. Чоң атамды көйгөн эмесмин, ал асманга учуп кеткен (Манас Бердибековду айтып жатат).

– Колуңа эмне болду, оорудубу?
– Ох болду, ойуп жатат. Эже чыбычы (сынган акырегин 3 күндө бир жаңылап таңып турчу эжесин жаман деп жатат).

– Атаң кантип ырдайт?
– Тажик айдап (такси айдап), жылап, айлап, кеземин деп ыйдайт. Нулан (Нурлан Алдаяров) музыкалуу деп ыйдайт.

– Азю жаманбы?
– Азю энеңди деп айтат экен. Мен ошону үйөнсөм апам уйушту.

– Апаң эмне сатып берет?
– Чупу-чуп, чокалад, чок сатып бейет.

– Атаң, апаң жакшыбы?
– Апам ай-я-яй, атам ай-я-яй, Бда (Берадор агасы) жаман эмес. Бда мени уйбайт, учабайт (урушпайт).

– Канчадасың?
– Үч.

– Чоңойгондо кандай бала болосуң?
– Акытуу (акылдуу) бала болом.

– Досторуң барбы?
– Амантуй бай. Топ ойнойм. Топ тебем, анан гол дейм.

– Атаң сени эмне деп эркелетет?
– Атам Момотай дейт, апам кайажаным дейт.

– Бдачы?
– Ал кокожаным дейт.

– Ыйлааксыңбы?
– Ыйлабайм (апасынын айтымында, бир ыйласа көк беттенип кечке ыйлайт. Жанына барып эркелетмейин кыйкырып ыйлай берет).

– Санаганды билесиңби?
– Бий, эки, үч. Колдойумду да санайм. Баймак, сөөмөй, ойтом, аты жок, чыпалак.

– Мультфильмди жакшы көрөсүңбү?
– Жаман көйөм. Апа, бас бумга түшөлү.

– Атаңдын машинасы менен келдиңби?
– Ата машинасын бузду, бузулду, жок.

– Апаң кетсин, сен бул жерде кал.
– Апа кетсин. Үйгө таяке келди. Мага чокалад алып бейет.

– Конокко барасыңбы?
– Даканыкына (таежеси) байдым.

– Сүттү жакшы көрөсүңбү?
– Сүт жаман, ичпейм. Нана (банан) жакшы көйөм. Опутукуту (тамактын баарын ушинтип атайт) жакшы көйөм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Asus84
2013-07-29 10:50:19
мм жакшы
0
Begimkyz
2013-07-29 14:09:40
Тили мынча ширин омурлуу болсун.
+1
880909
2013-07-29 14:10:59
кийим жагынан экообуздун вкусубуз окшош экен)))) омурунду берсин............
0
aigulkg
2013-07-29 14:13:39
ИИИ мынча ширинсин.омурун берсин кудайым ыймандуу балдардан бол.Санжар аке сиздерге бактылуулук каалайм.кармашкан колдорунуздар узулбосун.
+1
Cholpon14
2013-07-30 09:44:30
Мынча тили ширин бала, омурлуу болсун!!!
+1
allan
2013-07-30 15:10:34
Атан менен апандын момотайы,кайажаны болуп журо бер!
0
Shekerbek
2013-08-02 09:58:02
гыды гыды!
0
detective
2013-08-03 14:34:31
Санжар байкенин ырларын, аткарган ролдорун, комедияларын,озун суйот болчум. эми баласын да суйуп калдым))))) бактылуу болунуздар!!!!!
0
abaychik
2013-08-03 16:23:45
менин Абайчигим менен тен экен, тили да окшош.
0
arzuu1
2013-08-03 23:38:33
санжар уй булолук бакыт каалайм
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан