«Балам, белимди тебелеп койчу» деп ата-эне баласына же небересине көп эле жолу кайрылат. Чынында, уюган жер бир кыйла жеңилдеп, ооруксунуу жоголот. А бирок кээ бирде бул иштин аягы кырсык менен аяктайт экен.
БИР ҮЙДӨГҮ ЖАЛГЫЗ АПА
Зейнеп апанын балдары мектепти аяктап, борборду көздөй сызышкан. Эки уул, бир кызы бар апа балдарынын шаарга барып бутуна туруп, өз арабаларын өзү тартышына такыр каршы болгон эмес. Анткени 40 жылдык өмүрүн жаңыдан турмуш агымына аралашып, мектеп босогосун аттаган жеткинчектерге арнаган эле. Ар бир баланын эңсеген жагына учуп, көксөгөн турмуш пайдубалын курушун чын ниетинен тилечү. Ата-энелердин «сен бул кесиптин ээси болбойсуң, баланча окууга тапшыр» деп балдарынын каалоолоруна бут тоскондорун да жактырчу эмес. Ошол себептен үч баласына тең жогорку билим берип, өз туурларына кондуруп, борборго жайгаштырып койгон. Өзү болсо балдарынын «көчүрүп кетели, үч баласы туруп каралбай калды деп эл сөз кылат» дегендерине болбой айылдагы төрт бөлмөлүү үйүндө жалгыз калган.
ЧОҢ ЭНЕ БЕРЕРГЕ АШЫН ТАППАЙ...
Балдары тез-тезден келип жатабыз деп бир айда бир келишчү. Бирок үчөө тең каникул болгон сайын «айылга барып чоң энеңерге жардам бергиле» деп балдарын жеткирип турушчу. Эки уулу экиден балалуу болуп калса, кызы турмуш босогосун жаңы гана аттаган болчу. Неберелер келгенде үй бака-шака болуп, чоң эне сүйүнгөнүнөн чекесинен тер чыккыча кыймылдап, берерге ашын таппай калдастайт. Алар кайра кетишкенде эки-үч күнгө чейин өзүнө келе албай жүрөт. Бир заматта үй тыптынч болуп калса, ким гана болбосун маанайы чөгөт да.
КАРГАШАЛУУ КАНИКУЛ
Адаттагыдай жайкы каникулда биринен-бири жарышып төрт небере тең чоң эненин жанында. Божурашып энеге жарыша суроо берүүдөн эч тажашпайт. Зейнеп апа мугалим эмеспи, аларга жөнөкөйлөтүп, жеткире түшүндүрүүдөн ырахат алат. Ошондой күндөрдүн биринде огородго суу келип, Зейнеп апа алма бактардын баарын сугарып чыкты. Неберелер жардамдашымыш болуп жүрүшкөнү менен, мындай иштерге жарашпайт эле. Улуусу болгону ондо болчу. Кечинде бели уюй калганынан чоң эне улуу небересинен белин тебелеп берүүсүн суранып калат. Жаш өткөн сайын сөөк морт болот деген чын белем, арадан бир мүнөт өтүп-өтпөй бели кырс эле дей түштү.
ЧАҢЫРГАН АЯЛ ОРДУНАН ТУРБАЙ КАЛДЫ
«Кокуй» деп чаңырган аял көмкөрөсүнөн жаткан боюнча турбай калды. Чуру-чуу түшкөн балдар энекелеп ыйлап жиберишти. «Кой, ыйлабагыла азыр, азыр» деген менен, оодарыла албай койду. Ыйлаган балдар чуркаган боюнча коңшуларды чакырып келишти. Маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн коңшусун көргөн кошуналары да эмне болуп кеткенин билбей эс-мас болуп калышты. Аңгыча Зейнеп апа теңдүү аял «апей, эмне турабыз, тезинен «Тез жардам» чакыралы» деп тургандарды эсине келтирди. Ошентип, ооруканага алып жөнөштү.
«НЕБЕРЕЛЕРИМДИ УРУШПАГЫЛА» ДЕП ЖАТТЫ
Бул арада өздөрүн күнөөлүү сезген балдары шаардан келишип, апасынын жанынан чыкпай, тамагын жасап ооруканага тынбай каттап жатышты.
Канчалык бели оорубасын, чоң эне кайратынан жазган жок. Кабагын чытып бир да жолу «ий» деп үнүн да чыгарбады. «Кагылайындарымдын курсактары ачып калган жокпу?» деп неберелерине сарсанаа болуп жатканда дарыгерлер «андан башка эмне кылсын, курган кемпир...» деп шыпшынып калышат. «Мен кара жерге кирейин, силер аман болгула» деген сөздөрүн кайра-кайра балдарына айта берди. Эки баласын «неберелеримди урушпагыла, бул жерде өзүм күнөөлүүмүн, картайганда ушундай болот да» деп маңдайынан сылап жатты.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg