Улуу Британия эли азыркы тапта аябай тойлоп жаткан кези. Анткени 22-июль күнү ханзаада Уильямга сүйүктүүсү Кейт Мидлтон балканактай уул төрөп берип парзынан кутулду. 3 килограмм 800 грамм салмактагы ымыркай Лондондогу Ыйык Мария төрөт үйүндө жарыкка келген.
«Кейттин толгоосу башталыптыр» дегенди уккан эл төрөт үйүнүн астында топтолуп, мураскердин жарыкка келишин күтүп турушкан. Ал тургай жаңы төрөлгөн баланын урматына Лондондун негизги аянтында турган жоокерлердин кийими, басканына чейин алмашып, эң белгилүү «Күн» журналы бир күнгө атын «Уул» кылып өзгөрткөн. Ошондой эле мураскердин урматына 102 замбиректен ок атылып, жалпыга жар салынды. Эки жаш чүрпөсүнө Жорж Александр Луи деген ысымды ыйгарышты.