Белгилүү бразилиялык футболчу Роналдонун 2011-жылы футбол талаасынан кеткени маалым. Ушул тапта ал Бразилиядагы 4 машыгуучу жайдын ээси. Мындан сырткары маркетинг менен алектенген «9INE» компаниясын жана жеке клиника ачууга жетишкен. Бирок мунун баары ага аздык кылганбы, айтор, учурда дүйнөгө атагы чыккан «Playboy» журналынын бразилиялык версиясын сатып алууга чамынып жатыптыр.
Эске салсак, нускасы боюнча аталган басылма дүйнө жүзүндөгү журналдар арасында 3-орунда, ал эми Бразилияда 10-орунда турат.