Алыкул акындын:
Жаз да башка, жел тийбесин, абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт,-
деген төрт сап ырын көкүрөгүнө бекем түйүп, жүрөгүн эли үчүн арнап келе жаткан патриот мырза бар арабызда. Кенедей кезинен өз киндигин өзү кесип, тиричиликке эрте бышкан бул инсан – Темир Сариев.
“Интернатта тартип катуу болчу”
– Темир мырза, президенттик шайлоого талапкер болдуңуз. Андыктан 3-4 айдан бери күн тынымы, түн уйкудан калып жүргөндүрсүз. Саясаттан чарчап да турсаңыз керек. Жакшысы, балалыкка жүз буруп, жагымдуу көз ирмемдерди эстей кетпейсизби?
– Менин балалыгым жети жашка чейин Сокулук районунун Төш-Булак айылында өттү. Анан ата-энем Бишкектеги спорт интернатына киргизишти. Кыргызстандагы жалгыз спорт интернат болгондуктан, бардык тараптан катуу көзөмөлдө болчу. Анын үстүнө, Москванын камсыздоосунда эле. Шарттары да жакшы. Беш маал ысык тамак берилчү. 1-класста гана кадимки мектептегидей дене тарбия сабагы өткөрүлүп, 2-класстан баштап спорттун бир багытын тандачубуз. Күнүнө 2 жолу 2 сааттан машыкчубуз. Бул биз үчүн абдан эле чоң жүк болчу. Ошол убакта кыргыз спортун көтөрөбүз деген милдеттеме ар бирибиздин биринчи максатыбыз эле. Мен 2-класстан баштап эркин күрөш менен машыктым. Казакстан, Өзбекстанга чейин барып, мелдештерге катышып, жеңишке жетишкен күндөрүм болду.
– Спорт интернатында окуп калганыңызга бир себеп болсо керек?
– Биз 11 биртууганбыз. Анан ата-энем шаардан тереңирээк билим алсын деп интернатка берсе керек. Эми интернаттын тартиби өзгөчө болот эмеспи. Чынында, армиядагыдай эле тартип менен чоңойдум. Эртең менен тургандан тартып кечинде жатканга чейин жазылган күн тартипти катуу сактачубуз. Бирок баарыбыз тентек элек. Тентектик кылганыбызда, машыктыруучулар полго жаткызып, шымыбызды шыпырып туруп, 42-өлчөмдөгү кеда менен чаап, жазалашчу. Эртеси унутуп калып кайра эле тентектик кыла берчүбүз. Негизи, 8 жашынан баштап жалаң спорт менен машыгып, күчүн кимден чыгарарын билбей турган балдарды машыктыруучулардын темирдей тартиби гана кармап турчу.
“Бетиме тиш жуугуч паста сүйкөп...”
– Спорт мектепте, темирдей тартипте окусаңыз, сүйүү каттарын жазууга мүмкүнчүлүк болду беле?
– Ага деле убакыт тапчубуз. Жазганда да жамактатып, “Алыскы ак калпактуу Ала-Тоодон атыр жыттуу кызга...” деп баштап калчубуз. Биздин класста 30 окуучу болсо, бешөө гана кыз болчу. Ошол 5 кыз күн сайын жок дегенде 5тен кат алышса керек эле. Биз аз келгенсип, кыздарыбызга башка класстын балдары да кат жазышчу. Анткени кээ бир класстарда жалаң эркек балдар окушчу. Азыр эстесем, күлкүм келет. Эгер жолугушууга чакырып калсак, калган он беши бизди аңдып турушчу. Кыздын колун кармап койсок, биз үчүн тим эле чоң бакыт болчу. Андан да жолугушууга даярданганыбыз кызык. Ал кыз менен эртең мененден кечке чейин бирге жүрөсүң. Анан кечинде жолугушууга барарда чачыбызга вазелин сүйкөп жылтылдатып, анан “Тройной” одеколондон мурунду жарып кетчүдөй кылып куюнуп алчубуз. А жолугушууга барып келгенден кийин эки күн уктамай жок, өзүнчө эле жетинчи асманда калкып... Тартиби катуу мектептеги окуучулук күндөрүбүз ушундай назик сезимдер менен да коштолгон.
Ар бир өспүрүмдө эле өткөөл курак башталганда беттерине безетки чыга баштайт эмеспи. Мындай учурларда кыздарга бара албай уялчубуз. Бир жолу мага жогорку класста окуган бала кеңеш берип калды “мен билем, безеткини кантип кетиришти. “Поморин” деген тиш жуугуч пастаны түндө бетиңе сыйпап жатсаң, эртең менен безеткиң жоголуп кетет” деп. Буга ишенип алып кечинде сыйпап жаткам. Эртең менен турсам эле бетимдин безеткиси кетмек тургай, ого бетер кыпкызыл болуп дулдуюп шишип кетиптир.
Дагы бир жолу каникулда Суусамырга таажездемдикине эс алганы бардым. Алар бөлөм экөөбүздү атка мингизип, “кымыз ичип келгиле, жайлоого келген өңдөнүп” деп жөнөтүп жиберишти. Анан бир жерге барсак, абышкалар чогулуп алып, кымыз ичип жатышыптыр. “Кимдин баласысың?” деп сурашканынан айтсам, атамды таанышат экен, мени мактап коюшту. Дардаңдап бөлөм экөөбүз эки чоң чыныдан кымыз ичип алдык. Анан үйгө кетели деп жакшы эле атка мингенбиз. Күндүн ысыгы менен кымыз бизди үргүлөтүп, аттын үстүндө уктап кетиптирбиз. Коктуга кирип, кайра чыгып баратканда, экөөбүз тең аттан шыпырылып түшүп калдык. Тоголонгон экөөбүздөн үркүп элирген атты араң кармап үйгө кеткенибиз эсимде. Ошондон улам “мактап койсо эле дардаңдап жардан алыс кетип, баарын кыла бербеш керек” деген принципти ушул күнгө чейин сактап келем.
“Тапкан акчага биртуугандарыма кийим алганбыз”
– Алгачкы маянаңызды эмне кылып короттуңуз эле?
– Алгачкы маянам деп 1973-жылы “Атадан калган туяк” тасмасына тартылып, 172 рубль алганымды айта кетсем болот. Ал акчаны энеме алып келип бергем. Энем аябай сүйүнүп, бардык биртуугандарыма мектепке кийим-кечек сатып берген. Киного деле капысынан тартылып калгам. “Кино тартабыз” деп келген топ жабалактап турган балдардын ичинен “тың экен” деп мени тандап алышыптыр. Анда 10 жашта болчумун. Кийин 4-класста кырманда иштедим. Негизи, жумуштан каччу эмесмин.
“Тырмышып жүрүп бир бөлмөлүү үйгө жеткем”
– Эмне себептен спорт жагынан карьера жасаган жоксуз?
– Интернаттан кийин Украинага армияга кеттим. Армиядан соң университетке тапшырып, билимди улантууну чечтим. Ошентип, 1984-жылы окууга тапшырдым. Аны бүтөрүм менен Аламүдүндөгү тери иштетүүчү заводго экспедитор болуп жумушка орноштум. Ал жерде экономист, анан башкы экономистке чейин көтөрүлдүм. Ушинтип тырмышып жүрүп бир бөлмөлүү үйгө жеттим. Анан Орто Азияда биринчилерден болуп товар биржасын уюштуруп, ишкерликке ооп кеттим. Мына ушинтип бутка турам деп жүрүп кеч да үйлөндүм. Анткени ата-энемди убара кылбай, өзүмдү-өзүм каржылоого жараганда гана үйлөнөйүн дечүмүн. Келинчегимдин аты Айжан. Учурда бир кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз.
– Балдарыңызды катуу кармайсызбы?
– Атам бизге кандай тарбия берсе, балдарга да ошону көрсөтүүгө аракет кылам. Көп биртууган болгонубуздан балалыкта оюнчук, момпосуй, жадакалса шым талашып да мушташа кеткен күндөрүбүз болгон. Ошондо атам ар бирибизге өзүнчө сөз таап түшүндүрүп койчу эле. Эң негизгиси, ар бир бала үйдөгү жылуулукту сезип чоңоюшу керек. Бирок өтө жумшак деле эмесмин. Кызым студент. Балам күзүндө мектепке барат.
“Мөңгүнүн алдында да түнөп көрдүм»
– Үйдө кожоюн ким?
– Эми, кандай айтсам, жалпы маселелер боюнча – мен. Керек учурда маселени жеңеңер экөөбүз акылдашып чечебиз.
– Пара берип көрдүңүз беле?
– Ишкерлер билишсе керек, кээде пара берүүгө аргасыз болосуң. Мурда ишкердикте жүргөндө бир жумушту тез бүтүрүү керек болуп калганда балдар келип, “ишти тезирээк чечиш үчүн бирдеме бериш керек” деп калышчу. Мен «анда өзүңөр берип койгула» деп койчумун.
– Ичкиликке мамилеңиз?
– Өзүм спортко жакын адам болгондуктан, ичкиликти жек көрөм. Бирок кээде шарт болуп калган учурларда сапаттуу ичимдиктен аз өлчөмдө алып коюуга туура келип калат.
– Кандай эс алууну жактырасыз?
– Тоонун балдарыбыз да, тоодо эс алганды жактырам. Альпинисттерге окшоп бийик тоолорго чыгып, мөңгүнүн алдында да түнөп көрдүм. Спорт менен машыгуу да мага чоң эс алуу тартуулайт. Ысык-Көлгө барганда дайыма таң атпай бороон-чапкынга карабай сууда сүзөм. Жөө басуудан ырахат алам. Жайлоого барып кымыз ичүүнү да салтка айлантып алгам.
Саясат тууралуу эки ооз сөз...
– Президенттик шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга нааразы болгонуңузду билдирдиңиз. Эми кийинки шайлоолорго да катышасызбы?
– Эми шайлоо таза өтпөй калды деп эле кол шилтеп басып кетсек, таза шайлоо үчүн ким күрөшөт? Мен алдыга койгон пландарды жүзөгө ашыруу үчүн дагы деле күрөшө бермекчимин. Анын үстүнө, мага ишенген абдан көп адам бар. Алардын ишеничин акташым керек.
– Сизге бийлик кызмат сунуштаса, кабыл алат белеңиз?
– Биринчи сунуштасын, анан ойлонуп көрөбүз...
– Маегиңизге чоң рахмат!
Кыска, нуска...
– Кумир туткан адамыңыз?
– Эч кимди кумир тутпайм.
– Эмнеден коркосуз?
– Үмүтү үзүлгөн адамдан.
– Тамак жасаганды билесизби?
– Бир топ түрүн билем.
– Жактырган музыкаңыз?
– Классикалык чыгармалар.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg