Баткен облусунда Индиядан аткезчилик жол менен эт алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. «Баткен районунун Кара-Бак айылынан тажик жараны башкарып келе жаткан унаа кармалып, ичинен аткезчилик жол менен алынып келе жаткан эт табылды. Эттин салмагы 400 килограмм, баасы 120 миң сом»,- деп билдирет Чек ара кызматы. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg