Кызыл-Кыя шаардык жол-кайгуул күзөтүнүн инспектору, милициянын капитаны Азизбек Абдуллаевдин билдирүүсүндө, шаарда жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 6 ай аралыгында кыскарган. Тактап айтканда, 2013-жылдын ичинде 2152 административдик протокол түзүлүп, анын ичинде мас абалындагы 69 айдоочуга айып салынган. Өткөн жылы бул учурда 72 айдоочу колго түшүп, айып жазасын алышкан эле.
Жол эрежесин бузгандардын саны 36, жол кырсыгы 16 ирет катталганы менен, адам өлүмү коштолгон эмес. 25 адам катуу жаракат алган.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg