Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 22-июлга караган түнү саат 10:30 чамасында Баткен шаарында жайгашкан ЕККУнун (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму) имаратына таш ыргытылып, коопсуздук кызматкерлери жайгашкан имараттын айнеги талкаланган. Эч ким жабыркаган эмес.
Шаардык милициянын иликтөөсүнүн натыйжасында аймакта жарамазан айткан жашы жете элек балдар кармалган. Алар жарамазан айткан учурда сыртка эч ким чыкпаганынан үйгө таш атышкан.
ЕККУнун Баткендеги кеңсеси 2010-жылы ишке берилип, шаардагы бир жер үйдү ижарага алышкан. Бирок ушуга чейин Баткендеги кеңсенин макамы ачыкталбай, ЕККУнун имараты катары гана айтылып жүрөт.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg