Кызыл-Кыя шаарындагы Майып балдарды кароо борборуна Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулунан түрдүү жанрдагы китептер акысыз берилгенин «Луч солнца» кайрымдуулук фондунун директору Света Халбаева билдирди.
«Берилген белектердин баасы жогору. Эң негизгиси, балдардын дүйнө таанымы мындан да бийик болуп, жашоого болгон кызыгуулары артат»,- дейт директор өз сөзүндө.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg