Кеңсебизге Баткен районунун 70 жаштагы тургуну Урулка Алимбаева «биздин үнүбүздү тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө жеткирип берүүңөрдү суранат элем» деп баш бакты. Көрсө, чек арада кыргыздар үчүн берилген жерлерде шарттын жоктугунан эл жашабай, тажик жарандарына сатып кетип жатышыптыр.
УРУЛКА АЛИМБАЕВА, Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын тургуну:
– Биздин айыл Тажик Республикасы менен чектешкендиктен, Достук деп аталат. 1976-жылы атам 7 балам менен мага чек арада жайгашкан дөңсөөнү тегиздеп көчөт отургузуп берген. Суу куюп жүрүп өрүктөрдү көктөттүк. Анан Союз урап, биз, дөңсөөдө үлүш жери барлар суусуз калдык.
«Мен ушул жерге суу чыгарайын, чек араны кайтарып жашайын» деп айыл өкмөттөн, Баткендеги РЭСтен да сурана берип тилим тешилди. Алар «акчасын төлөсөң куруп беребиз» дешет. Электр энергиясын бизге 2 чакырым алыстыктан тартып келүү керек. «Мен электр мамыларын орнотуу үчүн кеткен каражаттын жарымын төлөйүн, калганы силерден болсун» десем эч ким колдобойт. Электр тартып беришсе, төмөндөн мотор менен суу тартып алып жашай берет элек.
Өрүк багым кургаган сайын тажик жарандары «жериңди бизге сат, суу чыгара албайсың, мээнетиң текке кетет» дешет. Бирок мен бул жер куураса да сатпайм. Ансыз деле чек арадагы жерлерин сатып жиберип кетип калган кыргыздар көп. Ал жерлерди тажик жарандары өздөштүрүп алууда. Эгер биз чек арада жайгашкан үлүш жерлерибизди сатып жиберсек, анда бул жер анклав болуп калат. Себеби биздин 3 тарабыбыз Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун айылдары менен чектешет. Өкмөт ушуну ойлосо болмок.
Урулка апа менен кошо чек араны сактап калуу үчүн, жерди да сактоого бар күчүн жумшап жүргөн уулу АБДЫРАЗАК БОСТОНОВ биз менен ой бөлүштү.
– Тажик Республикасында чек арада жашаган жарандар үчүн шарттар түзүлүп, жеңилдиктер берилген. Алар электр энергиясынын кандайдыр бир пайызын гана төлөшөт. Салыктарда да жеңилдиктер бар. Ошондуктан биздин адырларды да ээлеп, көгөртүп жатышат. Биздин айылда чек араны чек арачылар эмес, эл коргойт. Чек арачылар чек аранын ичинде турушат. Мындагы жерлерин кыргыздар шарттын жоктугунан таштап кетишкен. Эгер ушундай жерлерге электр энергиясы берилип, шарт түзүлсө, миграция азаймак. Өзүбүздүн айылда шарт болсо, үлүш жери барлар жерди иштетип күн көрүп, эч жакка кетишпейт эле.
Отурукташсын деп элдерге жер берилген жерден жалгыз үйдү көрүүгө болот. Ал үйдүн ээси ИДИРИС ЖАЛИЛОВ менен маектештик.
– Бизге ушул жерден 20дан ашуун үй-бүлөгө отурукташуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген. Жерди бөлүп берген адамдарды түшүнбөйм. Чек араны сактоо, коргоо үчүн бергенден кийин жашоого шарт түзүп беришсе болмок. Биз тажиктерден бардык нерсени сатып алып жашагыдай адамдар эмеспиз. Суубуз бар, бирок электр жарыгы жок.
Бул жерде менден башка үй-бүлө жок. Тажик тарап кааласа электр энергиясын өчүрөт, кааласа жандырат. Мында мен эле отурукташкандыгыма байланыштуу электр энергиясын беришет. Эгер башка жер ээлери да келип жайланышса, электр энергиясын бербей коюшары турган кеп. Шартка чыдабай жерин сатып кеткендер да бар. Бул өтө чоң каталык. Электр жетсин үчүн биздин жерге чейин 2 чакырым жерге электр мамыларын тургузуу, бир трансформатор орнотуу керек. Ошондо эл отурукташып, чек ара бекемделмек. Чек арадагы аймакка көңүл бурулбаса, акырындап тажиктерге өтүп кетүү коркунучу бар.
Биз Достук айылына барып, чек арада чек арачылар жок, жадакалса чек ара экенин белгилеген бир да белги жок экенине күбө болуп келдик. Кыргыздын жерлерин өздөштүрүп, багбанчылыгын кылып жүргөн тажик жарандарын көрдүк. Бул көрүнүш аябай эле кейиштүү. Аларга «бул Кыргызстандын чек арасы. Силердин бул жакка жер иштетүүгө эмес, уруксаты жок кирүүгө да болбойт» деп айта турган мекен сакчылары чек аранын ичинде турушат. Алардын эмне үчүн айылдын сыртында, чек аранын ичинде тургандыгын билүү үчүн өздөрү менен маектештик. Атын атагысы келбеген чек арачы төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ооба, чынында, чек ара заставасы чек аранын ичинде жайгашкан. Биз айылдын сыртында турабыз. Бизге жогортон кайсы жерде тургула десе, ошол жерге жайгашабыз да. Биздеги чек аралар делимитация жана демаркациядан өткөн эмес. Мен бул жакка келгенден бери кайрылуу жөнөтүп, чек арага туруу жөнүндө сунуштарды айтып жатам.
Чек арачылардан «Бул жерде эмнени коргоп турасыңар?» деп сурасак, «бул жерден унаалар жүк ташып өтөт, ошону карайбыз» деп билдиришти. Муну угуп, «булар чек араны эмес, унаалардын каттамын көзөмөлдөйт турбайбы» деген ойго кабыласың.
Акыркы убакта Баткен облусунун аймагында ушундай чек арада жайгашкан айылдарга көңүл бурулбай, түрдүү чыр-чатактардын келип чыгышына себеп болууда. Буга чейинки окуялар сабак болуп, бул айылга да жакынкы күндөрдө көңүл бурулуп, чек ара бекемделип, жашоого шарт түзүлөр деген үмүттө туралы.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg