18-июлда Нарын дубаны боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков кышка даярдык боюнча кеңешме өткөрдү. Анда облус башчысы көмүр казуу иштерин жүргүзүп жаткан ишканалар мамлекеттик мекемелерге болгон карызын 1-августка чейин жойбосо, тендерге катышуу укугунан ажыратыларын эскертти. Ошондой эле курулуп жаткан жолдорду бузуп албоо үчүн көмүр ташуучу унаалардын салмактык ченемден ашпоосун ишкана жетекчилеринен талап кылды.
Ошону менен бирге 2013-2014-жылдардын кыш-күз мезгилинде облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери, маданият, кесиптик жана техникалык окуу жайлары, ички иштер башкармалыгы, чек ара кызматы, облустун жылуулук берүү ишканаларына, жалпы облус боюнча 44 903 тонна көмүр керектелери белгиленди.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg