«НАРЫН» АЭРОПОРТУ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

16-июль күнү Нарында кыйладан бери иши токтоп калган аба каттамы ишке киргизилди. Мындай кабарга жергиликтүү калк бир топ эле таң калды көрүнөт. Айрымдары «Көп жылдар бою иштебей турган аэропорт учактарды тейлей алабы?» деп ишене албай турган чагы.

«Нарын» аэропорту 1964-жылы негизделип, Бишкек менен Нарындын ортосунда жүргүнчүлөрдү тейлеп келген. Нарын шаарынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан Кеңеш айылындагы аэропортто кезинде иш кызуу жүрүп турган. Союз урагандан кийин дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери аэропорттун иши токтоп калган. Анда-санда президент жана кээ бир аткаминерлер эле жеке учактары менен келип конушпаса, карапайым калктын учак менен каттоону унутканына көп болгон.
16-июль күнү саат 14:00дө Нарынга келип конот деген учакты түп көтөрүлө облус жетекчиси баш болгон бир катар төбөлдөр менен күтүп алдык. Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жана аэропорттун жетекчиси Келдибек Молдоев келип конгон учактан Нарын облусундагы ардактуу атуулдарды, облустун коомдук жана саясий иштерине эмгектери сиңген бир катар карыларды тосуп алышты. «Нарын» аэропортуна келип конгон учак SAAB-340 үлгү­сүндөгү «SKY Bishkek» авиакомпаниясына таандык. Аталган авиакомпаниянын жетекчиси ЖУМАБЕК АБДУЛЛАЕВ төмөндөгүлөргө токтолду:

– Биздин авиакомпания Кыргызстандын ичиндеги бир топ каттамдарды тейлейт. Бул ирет Нарын жергесине да авиакаттам ачылып, аталган рейсти тейлей турган болдук. Нарын менен Бишкектин ортосунда жүргүнчүлөрдү 40-45 мүнөттүн ичинде жеткирет. Каттам аптасына бир жолу, шейшемби күндөрү ишке ашат. Эгерде жүргүнчүлөрдөн суроо-талап көп болсо, 2 жолу каттоону киргизебиз. Билеттин баасы 2100 сомду түзөт. Жакынкы арада Бишкек-Казарман-Бишкек авиакаттамын да калыбына келтирели деп турабыз. Бүгүнкү алгачкы каттамыбыз менен 34 кишини алып келдик. Албетте, кардарлар бааны кымбат деши мүмкүн. Эгерде күйүүчү-майлоочу каражаттарга болгон баа төмөндөсө, биз дагы ошого жараша билет баасын арзандатабыз.

Ал эми компаниянын коммер­циялык директору МАРАТБЕК СТАМБЕКОВ буларды кошумчалады:
– Авиакаттам ачылат деген кеп болгондо бир ай мурун эле билеттер сатыкка коюлган. Бирок бир да билет өткөн жок. Бул билет баасы кымбаттыктан эмес, азыркыбыз алгачкы каттам болуп, маалымат толук жете электен болду деп жатабыз. Бүгүнкү рейс жаңылык катары болсун деп бекер жүргүзүлдү.

«Аэропорт тиешелүү кызматтары менен тейлей алабы?» деген суроого аэропорттун башчысы КЕЛДИБЕК МОЛДОЕВ мындайча жооп берди:
– Союз тарагандан кийин аэропортту мамлекеттин карамагына калтырып, 5 адамдык жумуш ордун жоготпой, штатты кармап турганбыз. Аба каттамдын калыбына келтирилиши бизди абдан кубандырды. Аэропорт учак тейлей алат. Келечекте аянтты тазалап, бузулган жерлерин бүтөп, ошондой эле жетишсиз жабдуулардын да катарын толуктоону пландап жатабыз. Аэропорттун учак күүлөнүүчү трассасынын узундугу 2135 метр, туурасы 40 метрди түзөт. Жалпы аянты – 49 гектар. Келген учакты кубаттоочу жабдууларыбыз бар.

Нарын жергесине учактын келишин жандандыруу идеясы кантип ишке ашкандыгы тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү КАНАТБЕК МУРАТБЕКОВ мындай дейт:
– Облуска чет жактардан инвестициялар тартылып, туристтик каттам көбөйө баштагандыгына байланыштуу аба каттамды жандандырууну көтөрүп чыктык. Билеттер жакшы эле сатылат болуш керек деген ишеничтебиз. Бардык облуска учурда борбор менен байланыштырган учак каттамдары бар. Биздин дубанга да бул ишти киргизүү – чоң жетишкендик. Учурда дагы жетишсиз жагдайларды эске алып, кем-карчын толуктоо үчүн бир нече донорлорду тартып, демөөрчүлөрдү таап жатабыз. Буюрса, каттам үзгүлтүксүз кардарларды тейлейт деп турабыз.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fanatka19
2013-07-29 23:41:27
Бишкек Нарын Казарман кылып ачып койсо го.
0
detective
2013-08-01 19:55:12
аэропорту асфалть эмей эле жер боюнчавы не. тоонун арасы окшойт. мейли эми не болсо да элге жарап берсе болду
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан