Үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында 51 жумушсуз адамга 2 миллион 63 миң сом өлчөмүндө чакан насыя берилди. Бул тууралуу облустук ишке орноштуруу башкармалыгынын башчысы Нурлан Искаков билдирди. Маалыматка таянсак, аталган чакан насыялар жумушсуз адамдарга, айыл чарбасына күнүмдүк керектелүүчү товарларды алып сатууга жана улуттук буюмдарды жасап сатыкка чыгаруу үчүн берилген. Жалпы облус боюнча 26 долбоор түзүлүп, 31 жумушсуз адам иш менен камсыз болду. «Айыл чарбадагы 22 долбоор боюнча 27 жумушсуз адам өз иштерин ачышты, тейлөө тармагынын 4 долбоорунда 4 жумушсуз адам иш алып барууда»,- деди Н.Искаков.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg