Каракол шаарындагы Пржевальский, Жамансариев, Парковая, Элебаев, Коёнкөзов жана башка көчөлөрдү капиталдык оңдоп-түзөө үчүн шаардык мэриядан, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 60 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова маалымдады. Каражаттын 39 миллион 600 миң сому шаардык бюджеттен, калганы аталган фонддон бөлүндү. Белгилей кетсек, жакында облус башчысынын биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков жана шаар мэри Рыскул Калыгулов жалпы шаардын тазалыгы, көйгөйлөрү менен таанышып чыгышкан. Анда жолду оңдоп-түзөө, көчөлөргө жарык коюу, шаарды жашылдандыруу зарыл экенин белгилешкен болчу. Акылбек Жаныбеков өз сөзүндө «Каракол шаары бардык жагынан облустун борбору деген атка татыктуу болушу керек» деп билдирди.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg