КҮНГӨ ТУУРА КҮЙҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ

«Жайында күнгө какталган адам кышында оорубайт» деп коюшат. А бирок анын зыяны да жок эмес. Бул туурасында Ден соолук жана сулуулук клиникасынын башкы косметологу, дерматолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА төмөндөгүлөрдү маалымдады.

МОДАДА – КҮНГӨ ТОТУГУУ
Акыркы учурда күнгө тотуккан тери модада. Буга Коко Шанелдин таасири чоң. Атактуу модельер деңизге болгон саякатында күнгө тотугуп, күйүп келет. Ал мындай кебетеде элге көрүнүүдөн качпастан, кайра «күнгө күйбөгөн ак тери адамды алсыз сездиртип, сулуу көрсөтпөйт» деп жар салган. Мына ушундан тартып күнгө тотугуу мода боло баштайт. Бүгүнкү күндө ал үчүн атайын аппараттар – солярийлер, күрөң түс берүүчү кремдер кеңири колдонулуп жүрөт.

ТЕРИНИН ТҮСҮ ЭМНЕДЕН ӨЗГӨРӨТ?
Адамдын организми табигаттан коргонуучу касиетке ээ. Анын бир мисалы, күнгө чыкканда теринин түсүн өзгөрткөнү. Зыяндуу ультракызгылт нурлардан коргонуу үчүн организм теридеги кара (же күрөң) түстү пайда кылуучу меланин затын бөлүп чыгарат. Тери күн нуруна канчалык көп какталса, меланин да ошончолук көп бөлүнө берет. Соңунда тери коргонуу функциясын аткаруу менен кара (же күрөң) түскө боёлуп калат.

ПАЙДАСЫ

  • Күн нурунун адамдын жашоосундагы мааниси өтө зор. Ал организмди Д витамини менен камсыздайт.
  • Майлардын, белоктордун, микроэлементтердин организмге сиңүүсүн шарттайт.
  • «Бакыт гормондору» деп аталган серотонин менен эндорфиндин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт.
  • Итийдин алдын алат.
  • Сөөктөрдүн бекем болушуна жардамчы.

КҮНГӨ АШЫКЧА КАКТАНУУНУН ЗЫЯНЫ

  • Теринин эрте картаюусуна, башкача айтканда, фотокартаюуга алып келет.
  • Фотодерматитти (теринин бүдүрөйүп, ыйлаакчалардын жаралышы) пайда кылышы ыктымал.
  • Тери күйүп, дене табынын көтөрүлүшүнө алып келет.
  • Теринин рак оорусунун пайда болуу коркунучу бар.

КАНТКЕНДЕ ЖАПА ЧЕКПЕЙБИЗ?

Биринчи күнү 10-15 мүнөттөн ашык күнгө кактанбаңыз. Андан кийинки күндөрү улам 5-6 мүнөттөн кошуп отуруу керек. Бир күндүк тотугуу 1 сааттан ашпашы шарт.

Күндүз саат 11ден 16га чейин түз тийген күндүн астында кактанууга болбойт! Бул маал сиеста деп аталып, коюу көлөкөнүн астында эс алууга ылайык.

Көл жээгинде гана эмес, узак убак сыртта жүргөн маалда да күндөн коргоочу көз айнек, шляпа, жеңдүү жука кийим кийип жүргөн оң.

Күндөн коргоочу кремдерди пайдала­ныңыз. Крем тандоодо анын күндөн коргоочу даражасы SPF-20дан жогору болуусу зарыл жана кремди ар 2 саат сайын жаңыртып сүйкөп туруу керек.

Көк чай ичип, курамында А витамини бар жашылча-жемиштерди (сабиз, помидор, өрүк, каймак май жана ушул сыяктууларды) көбүрөөк жегенге аракеттениңиз. Бул азыктардагы антитоксиндер терини коргоочу касиетке ээ.

Суудан чыгар замат сүлгү менен кургануу керек. Анткени тамчылар лупанын ролун ойноп, күн нурларын өзүнө тартып, терини күйгүзүп жиберет.

Күндөн коргоочу кремден тышкары эч кандай косметика колдонбогон туура. Себеби башка косметикадагы май кислоталары күндүн зыяндуу ультракызгылт нурларынын таасири астында кычкылданып, уулуу кошулмаларды пайда кылат. Анын кесепетинен аллергия, сезгенүү сыяктуу жагымсыз жагдайлар жаралышы ыктымал.


ТЕЗ ЖАРДАМ

Эгер дене тап жогорулап, тери ысып чыкса... Эң алгач терини муздатууга шашылыңыз. Ал үчүн муздак сууга түшүү сунушталат. Андан соң чычырканактын майын сүйкөңүз же курамында чычырканак майы бар атайын каражаттарды (пантенол спрейин) колдонуңуз. Организмди Е жана С витаминдери (аскорбиновая кислота) менен камсыздоо кажет. Андыктан жакынкы медициналык жардам пунктуна кайрылып, врач жазып берген дарыларды ичиңиз. Врач жок учурда супрастин дарысын 1 таблеткадан эки маал ичүү керек. Тери тез калыбына келиш үчүн алоэден жасалган гель же кремдерди колдонсоңуз болот.
Күйүктөн калган тактар жана тырыктардан арылуу үчүн... Катуу күйгөн учурларда териде тактар жана тырыктар калып калат. Чоң эмес тактарды кетирүү үчүн алоэнин жалбырагын экиге бөлүп, аны менен терини күнүнө 2-3 маал сүртүү керек. Ал жардам бере албаган учурда депантенол же солкосерил кремдерин бир күндө 2 маал пайдалансаңыз болот. Бирок бул учурда күнгө чыкпоо талап кылынат. Ал эми күйүктөн тырык пайда болуп калса, ага атайын тырыкты кетирүүчү кремди колдонуңуз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Күнгө күйүү итий оорусун алдын алат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
blak.star.kg
2013-08-05 11:57:17
Сонун маалымат экен! Рахмат сиздерге Супер Инфо!
0
AFRODITA-89
2013-08-07 18:30:55
Рахмат чон керектуу жана пайдалуу экен чындыгында
0
merim
2013-08-07 22:06:46
мен да аябай денем ашыкча куйуп кетип, температура чыгарган, ошондон кийин крем колдоном.
0
uvay
2013-08-11 14:53:36
рахмат жугумдуу согет алдым.
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан