Талас Эргешов, жыгач уста:«АСПАП ЖАСОО ҮЧҮН НОТА ҮЙРӨНГӨМ»

Кыргыздын музыкалык аспаптарынын түрүн жасаган Талас Эргешов менен баарлашуу үчүн Кадамжай районуна бардык. Аны устаканасында ооз комуз жасап отурган жеринен сөзгө тарттык. Баарлашуу учурунда Талас мырза бизге комуз жана ооз комузда кыргыздын күүлөрүнөн да чертип берди.

– Талас ага, кыргыздын баалуулугу болгон музыкалык аспаптарын жасоону кимден үйрөндүңүз эле?
– Мурда биздин улуттук аспаптар жогору бааланып, ыр-бийлерде сөзсүз түрдө коштолуп турчу. Менин атам да, таякелерим да уста болушкан. Ошолордун өнөрүн улап, ушул кесипти тандагам. Буга чейин башка кесиптерди да аркалап көрдүм. Бирок баары бир кайра эле усталыкка кайтып келдим.

– Улуттук аспаптардын кандай түрлөрүн жасап жатасыз?
– Комуз, ооз комуз, чоор, добулбас, кыл кыяк сыяктуу аспаптардын баарын жасайм. Тилекке каршы, азыркы учурда булардын  көп түрлөрүн жасатпай калышты. Негизинен комуз, ооз комузга буюртма көп. Мен буюртманын негизинде гана иштейм.
Музыкалык аспаптардан сырткары күндөлүк турмушка ке­рек­телүүчү идиш-аяктарды, кутучаларды, ар кандай сувенирлерди жасайм.

– Кол өнөрчүлүк менен үй-бүлөңүздү бага аласызбы?
– 66 жаштамын. 9 балам, 30 неберем, 5 чөбөрөм бар. Ушул кол өнөрчүлүгүм менен 9 баламды чоңойтуп, эрезеге жеткирип, үйлөнттүм. Эгер талантың болсо, бул кирешелүү эле иш. Мисалга комузду алсак, жасалган жы­га­чына жараша аны 1500-5000 сомго чейин сатабыз. Өрүк комуз 5000 сомго, карагайдан же башка жыгачтан чабылганы андан арзаныраак бааланат. Бир айда 40тан ашуун комуз сатылат. Акыркы мезгилде ооз комузга болгон талап да күч алып, айына 200дөн ашык сатып жатабыз. Баасы 250-300 сом. Негизги кардарларыбыз Ош жана Бишкектеги музыкалык окуу жайлары. Мындан сырткары чет өлкөдөгүлөргө белек катары алгандар да бар.

– Сиздин ишиңизди улай турган уулдарыңыз барбы?
– Биз үй-бүлөбүз менен кол өнөрчүбүз десем болот. Балдарымдын баары шыктуу. Мисалы, мен аспапты жасасам, үйдөгү кыз-келиндерим, кемпирим, уулдарым кооздошот, аспаптар салына турган кутучаларды, керектелүүчү жиптерин, боолорун даярдап беришет. Карылыкпы, айтор, акыркы убакта майда-барат нерселерди жасоого көзүм анча жетпей калып жатат. Кенже уулум бардык нерселерди жасаганды үйрөнүп калды. Ал «Сиздин атыңызды өчүрбөй, ишиңизди улантам. Мен да колунан көөрү төгүлгөн уста болом» деп калат мени сүйүнтүп. Кыздарым да бекер отурбай, менден өнөр алып калууга аракет кылышат.

– Өзүңүз бул аспаптарда ойной аласызбы?
– Албетте, уста нота билсе, анда анын жасаган аспабы жогорку деңгээлде болот. Себеби кемчиликтерин табуу үчүн жасап бүткөн соң аны ойноп, күүгө салып көрүшүң керек. Менин жогорку музыкалык билимим жок. Мыкты аспаптарды жаратуу үчүн өзүм кызыгып жүрүп ноталарды үйрөнгөм. Өзүм жасаган аспаптардын баарын ойноп, текшерип көрүп гана кардарга берем. Азырынча көпчүлүктөн «сенин аспабыңдын үнү тунук экен» дегенди гана угамын.

– Өнөрүңүз менен кайсы бир сынактарга катыштыңыз беле?
– Ооба, көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишкем. Ал тургай «Колунан көөрү төгүлгөн уста» деген
наам алгам. Бирок мунун баары Союз учурунда болгон. Ал мезгилде биздей кол өнөрчүлөргө жакшы көңүл бурулчу. Союз кулаган соң мындай нерселер басаңдап калды. Эл да, бийлик да улуттук баалуулуктарга эмес, башка кызыкчылыктарга бурулуп кетти.

– Сиздин оюңузча, кыргыз жигити, кыргыздын уулу кандай болуш керек?
– Азыркы жаштардын кайсы жакты карап кетип жатканын түшүнбөйм. Кыргыз жигити элинин намысын коргогон, салт-санаасын билген, «кыргыз» деген сөзгө татыктуу болуусу зарыл. Азыркы жаштарга «Балдарым, артыңарды да бир кылчая карап койгула. Кимсиңер, кимдин урпактарысыңар?» демекчимин. Мен батыш цивилизациясына такыр эле каршы эмесмин. Болгону кыргыздын салт-санаасына батыштын цивилизациясынын ке­ректүү нерселерин айкалыштыра жашасаңар, эл силер менен сыймыктанат.

Талас мырзанын кол өнөрчүлүгүн улантып келе жаткан уулу КУБАТ:
– Атам колунан көөрү төгүлгөн ус­та. Бир иштин майын чыга­ра жасамайынча жаны тынбайт. Пайгамбар жашы­нан өтүп калса да, алдуу-күчтүү, устаканасынан чыкпайт.
Ар бир бала сүйүү менен жаралгандай эле, атамдын ар бир эмгеги сүйүү менен жаралат. Атам менен болгон ар бир мүнөт мен үчүн баалуу. Себеби атам көп кырдуу талант, андан кенедей нерсени болсо да үйрөнүп калсам дейм. Мисалы, көптөгөн кол өнөрчүлөр аспапты жасаганы менен, анда ойноону билишпейт. Атамдын өз ишин сүйгөн адам экенин анын өз алдынча ноталарды үйрөнүп чыкканынан да билүүгө болот. Менин оюмча, бала атанын ишин улантуусу милдет болуп саналат. Агаларым эле эмес, эжелеримдин да ар биринде жок дегенде бирден өнөр бар.
Эл да атамды аябай сыйлайт. Өзүбүз жашап жаткан көчөгө жана айылыбыздагы мектептин китепканасына атамдын ысымын ыйгарышкан. Албетте, бул кишинин калың эл арасында аброю, сый-урматы бар экенинен кабар берет. Айрымдар муну мактаныч катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок мен атам менен сыймыктанам. Буюрса, анын мага болгон ишеничин актоого бүт аракетимди жумшайм.

Ошентип, чыныгы кыргыздын үйүндө отургандай болуп кыргыз күүлөрүн уктук. Комуз ойногонду үйрөнө албасак да, ооз комуз күүгө салганды аз да болсо окшоштуруп, сапарыбызды карыттык.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Uulkan2288
2013-08-24 23:28:43
Ушул адамдан комуз сатып алгым бар.
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан