Туризмдин чордону Ысык-Көлдүн жээгинде акча табуунун ар кандай жолун издегендер арбын. Бири таңдан кечке көл жээгин кыдырып жүгөрү, балык сатып акча тапса, экинчиси кайык менен катамарандарды ижарага берип, үчүнчүсү эс алуучулардын денесине сүрөт тартуу менен алек болушат. Туристтердин денесине сүрөт тарткан САМАТ мырза менен ишинин алкагында баарлаштык.
– Самат, бул өнөр менен алектенип калышыңа эмне себеп болду?
– Өзүм Таластын Жоон-Дөбө айылынан болом. Эки жыл мурун Көлгө эс алганы келип, татуировка жасаган балдар менен таанышып калдым. Сүрөт тартуу хоббим болгондуктан, мен дагы денеге сүрөт тартып көрөйүн дедим. Атайын китепчелерди сатып алып, татуировка тууралуу түшүнүк алдым. Анан сезон учурунда көл жээгине келип, туристтерге кызмат көрсөтө баштадым. Бирок мен түбөлүктүү өчпөгөн татуажды эмес, убактылуу гана сакталуучу сүрөт тартам. Денеге убактылуу сүрөт тартуу ар бир адамдын терисине жараша болот. Айрымдардыкы 2 күн гана сакталса, кээ бирөөлөрдүкү бир айга чейин өчпөйт.
– Кандай каражаттарды колдоносуң?
– Кадимки чачка колдонулуучу боёк хнаны колдоном. Ага демделген кызыл чай менен перекись кошуп, экологиялык таза каражат жасайбыз. Бул адамдын денесине эч кандай зыянын тийгизбейт.
– Көбүнчө кайсы улуттун өкүлдөрү кайрылышат жана кандай сүрөт тартууну суранышат?
– Мага кайрылгандардын көпчүлүгү орус улутундагылар. Кызыгы, алар өздөрү эле эмес, кичинекей балдарын да ээрчитип келишип, аларга дагы тарттырышат. Кез-кезде афроамерикалыктар, казактар, кыргыздар кайрылышат. Дээрлик бардыгы колуна, моюнуна, бутуна сүрөт түшүрүп берүүнү сурашат. Чыгыш жыл төлгөсү боюнча, туулган жылына карап, ошол жаныбардын сүрөтүн тартып бер дешет. Айымдар гүлдүн сүрөтүн көп тарттырса, мырзалар кылычтын сүрөтүн сурашат. Жадакалса «далыма Кыргызстан деп жазып бер» же «Кыргызстандын желегинин сүрөтүн түшүр» деген мекенчилдер да четтен чыгат. Анан «түбөлүктүү тартпайсыңбы?» деп сурагандар көп болот.
– Денеге бир сүрөт тартуу үчүн канча убакыт сарпталат?
– Бул нерсе тандалган татунун көлөмүнөн жана сүрөттүн оор-жеңилинен көз каранды. Эң кичине сүрөттү беш мүнөт тартсам, эң көп убакыт бир саатка созулат. Убактылуу сүрөт тартуу үчүн кардар, болгону, кыймылсыз отуруп берип, сүрөт кургаганча сууга түшпөө керек. Күн ачык болсо 15 мүнөттө, күн бүркөктө жарым саатта кургайт. Бир жолу моюнуна сүрөт тарттырган айым сүрөт кургагыча кыймылдап жиберип, моюнунун баары капкара болуп, тату дагы бузулуп калган. Андай учурларда кардарлар менен түшүнбөстүк, пикир келишпестиктер жаралат.
– Сыр болбосо, баалары кандай?
– Баалары ар бир сүрөттүн деңгээлине жана көлөмүнө карай бычылат. Көл жээгинде ойноп жүргөн бөбөктөргө арзан эле тартып берем. Негизи, баасы 100 сомдон жогору. Ошондой эле ар бир эс алуучунун келбетине, деңгээлине жараша акча сураарыбызды жашырбайм. Мисалы, туристтер «жакшы тартып бер, мен мынча акча төлөйм» деп өздөрү сунуш кылышат. А биз өз ишибизди аткара беребиз.
– Өзүңдө татуировка барбы?
– Башкаларга татуировка тартканым менен, өзүмдө татуаж болушун каалабайм. Кызыккан деле эмесмин. Мен үчүн бул жумуш катары гана кызыктуу.
– Бир сезондо канча каражат топтоого болот?
– Өткөн жылы жаңы үйрөнчүк болсом дагы, бир сезондо эки миң доллар каражат чогулткам. Быйыл 10 күн ичинде 10 миң сом таптым. Көлгө түшүп эс алуу менен бирге бул иш мага жакшы эле киреше алып келет.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg