ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-августтан 18-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Өзгөрүүлөрдүн убактысы. Жеке жашоодогу маанилүү окуя каалаган күнү болушу мүмкүн. Аны кабыл алууга даяр туруп, күтүүсүз туура келүүчүлүк менен жагымдуу сюрпризге таң калбаңыз. Ички туюм жогорку чекте, андыктан ага таяныңыз. Балдар аптада олуттуу жана кыраакы болушуп, чоңдорго тиешелүү теманы да талкууга алышат. Шейшембиде тааныштар менен талашып-тартышуу, бейшембиде конокко баруу күтүлүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдын ала санаа чекпеңиз, боло турган нерсе баары бир убагында болуп өтөт. Мурдагыдай жагымдуусуз, жакшы көргөн адамыңыз сиз менен баарлашууга жан дилинен макул. Бирок ортого ашыкча адамдарды аралаштырбоо керек. Бузукулар көп. Чоң тилекти ишке ашырууга шашпаңыз. Болбосо көп убара тартып калуу коркунучу бар. Шейшемби майда убаракерчилик тартуулайт. Жума күнү эс алууңузду шашылыш иш бузушу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта жагымсыз да, кубанычтуу да окуяларды тартуулайт. Бирок олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Антсе да болуп жаткандардын баары сизге жагып, жашоого шаңдуу караганга түрткү берет. Жасаган ишиңизди жетекчилик баалап, айлыгыңызды көтөрүшү мүмкүн. Шаршембиде жолугушуулар да, талашып-тартышуулар да көп болот. Бейшембиде өрт кесепетинин коркунучу бар, абайлап, балдарды да көз жаздымдан чыгарбоо кажет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптага чоң үмүт артсаңыз болот. Анткени бир топ нерсени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мисалы, сизге кайдигер караган адамдын жүрөгүн багынтууга жетишпесеңиз да, кызыгуу жарата аласыз. Энергияңыз толук болуп, илең-салаң кээ бир кызматкерлерге караганда көп иш бүткөрөсүз. Бул албетте, карьерадан өсүүгө түрткү болот. Бойдоктордун кээ бирлерине үй-бүлө куруу сунушу түшөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Көптөгөн адамдарга жакшы таасир калтырууну каалайсыз. Бирок баарына чачыла бербей, бир гана адамдын көңүлүн алыңыз. Аптада баарын убагында бүткөрүү кажет. Болбосо түйшүктөр кийинки аптага калып, кыйналасыз. Шаршемби, бейшемби алыс жолго чыгууга, туугандар менен жолугушууга ылайыктуу. Ишембиде эски тааныш менен кокустан кездешүү жагымсыз эскерүүнү тартуулайт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке жашоо экинчи планга жылат, бирок иштин көптүгүнө карабай жүрөгүңүздөгү адам менен баарлашууга убакыт табасыз. Тааныштар менен жолугушуу күтүлөт, бирок баарын туура эмес сөзүңүз же кылыгыңыз менен бузуп албаңыз. Иште жетекчилик менен айтышпоо кажет. Андан көрө көпчүлүктөн бөлүнбөй, ушакчыларга аралашпай туруңуз. Акчаны үнөмдөбөсөңүз, кийинки аптада кыйналып каласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тилектер ишке аша бербейт. Баалаган адамыңыздын туура эмес мамилеси маанайыңызды түшүрөт. Бирок муну жакшы адамдар менен таанышуу жууп кетет. Иште бой көтөрбөө жана бирге иштешкендер менен мамилени салкындатпоо керек. Болбосо лидерликти башкаларга алдыртып жибересиз. Чатакташкан туугандар жарашууга кол сунушат. Бейшембиде бирөөлөрдү тосууга, жекшембиде электр приборун сатып алууга туура келет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Эмоцияга жол бербеңиз. Майда нерселер үчүн жакындар менен мамилени бузуу акылсыздык экенин эске түйүңүз. Жашоо шартыңызды оңдоо үчүн кошумча акча табуу тилегиңиз ишке ашат. Оңдоо-түзөө иштеринде өзүңүзгө ишенбестен адис чакырсаңыз туура. Аптада ошондой эле кирешени бөлүштүрүү, салыктарды төлөө маселеси чыгат. Апта акырында малдуу же буюмдуу болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жактырып жүргөн адамыңыздын көңүлүн бурдуруу кыйындыкты жаратпайт, бирок мамиленин өнүгүшү кыйын. Бул сиздин «баары мен ойлогондой болушу керек» деген талабыңыздан улам болушу ыктымал. Анын да оюн сыйлоо керек. Шейшембиде сырткы көрүнүшүңүз боюнча сын угууңуз мүмкүн. Бейшембиде издеген буюмуңуз колуңузга тиет. Жекшембиде досуңуздун кубанычын тең бөлүшөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаркын окуя менен күчтүү эмоцияны күтүп чарчадыңызбы? Баары өз колуңузда! Элге көбүрөөк аралашыңыз, жагымдуу адамдар менен баарлашууну белгилеңиз. Чоочун жерде ит же башка жандыктын тиштеп алуусунан качыңыз. Бирөөлөрдөн урунууга буюм алуу да өзүн актабай, бүлүнөт. Шаршембиде аян түштөрдүн бири ишке ашат. Ишемби, жекшембиде өнөкөт ооруңуз өзүнөн кабар бериши мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сүйүктүү адамыңызга түшүнүү менен мамиле жасоого, колдоо көрсөтүүгө даярсыз. Бирок мунуңуз куру убаракерчилик болуп калат. Ал өз маселелери менен алек. Дүйшөмбүдө бирөөлөргө ишенип акча бербөө кажет. Алуу кыйын. Шейшембиде ашар ишке аралашууңуз ыктымал. Бейшембиде жашыруун маалымат угуп, аны териштирүүңүз мүмкүн. Жума күнү утуштуу болосуз же сыйлыкка татыйсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көп иштер оңой бүтүп, ийгиликтер кубантат! Бирок мунун көбү достордун колдоосун ашыкча пайдаланып жатканыңыздан экенин ойлоп көрдүңүзбү? Адамдардын ишеним жана сезимдери менен ойноону токтотуңуз! Жума күнү кандайдыр бир буюмду өз колуңуз менен жасайсыз. Дем алыш күнү көлгө түшүүдө сак, аяр болууну жылдыздар эскертишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан