Элинин эрке ырчысы, балдарынын мээримдүү энеси, жолдошунун жаркылдаган жары, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы» наамынын ээси Айчүрөк Иманалиеваны ар тараптан ачып берүүнү туура көрдүк. Ырчы айым ашканада кандай кожойке? Балдарына кандай тарбия берет? Жашоосунда канча жолу сүйүүгө кабылган? Бул суроолорго жоопту макаладан издеңиз.
АШКАНА...
– Кичинемден эле зээндүү кыз болгонумду апам айтып калчу. Айыл жергесинде төрөлүп-өскөндүктөн, ашканага 5-6 жашымдан эле аралашкам. Ал эми тамак-ашты баштан-аяк өзүм жасап кожойкелик кылуу турмушка чыккандан кийин башталды.
Эгер ырчы болбосом, ашпозчу болсом керек эле. Анткени ашканада 99 пайыз мыктылыгымды дайыма далилдеп келем. Бирок бир кемчилигим бар. Палоону канча аракет кылсам да баса албайм. Бир жолкусунда суусу көп болуп ботко болсо, кийинкисинде күрүчүм бүкүлү болуп бышпай калат.
Эсимде, бир жылы кышкы салатты көп жаап салыптырмын. Санасам 300 банка болуп кетиптир. Бир кыш түгөтө албай, экинчи кышта да жегенбиз.
ЭНЕ...
– Балдарым – менин бактым, жыргалым, жашоомдун маңызы. Арген 24тө, Арлен 14, Аэлита 8де. Келин күтчү маал деле жакындап калды. Баламды үйлөн дебейм. Өзү «отуз жашка чукулдап калганда үйлөнөм» дегендей кылып жүрөт.
Балдарымдан чарчабайм, алардан болгону ырахат алам деп айта албайм. Кичинесинин кичине, чоңунун чоң маселелери болот. Балдардын түйшүгүнөн чарчаган да күндөр болгон. Бирок алардын мотурайган жүздөрү, күлкүлөрү менин кыйналганымды жууп кетер эле.
Балдарымды кичинесинде кээде тентектик кылганда май куйруктарына чаап-чаап тарбиялап койчумун. Азыр эми чоңоюп калышты, кол көтөрө албайм. Кээде түшүнбөстүк болуп кетсе, сүйлөбөй таарынып калмайым бар. Сүйүнсөм да ыйлап алам. Аэлита пианинодо ойнойт. Отуруп алып этюд ойноп, жакшы сөздөрдү сүйлөсө, жүрөгүм элжиреп ыйлап жиберем.
Жолдошумдун ачуусу чукул, балдарыма көп учурда үнүн катуу чыгарып сүйлөп коёт. Андайда мен «кой антпе, минтишиң керек болчу. Атаң туура айтат» деп баарын жайгарганга аракет кылам.
Айрым ата-энелер «тигинин баласын карачы» деп балдарына тарбия беришет. Мен балдарыма эч качан бирөөнүн баласын салыштырбайм. Ар бир бала бири-бирине окшобогон өзүнчө адам.
Аргенди 19 жашымда төрөдүм. Жаш, жашоодон өз ордумду таба элек кезим. Гастролдорго көп чыгып жүрүп, ага толук кандуу көңүл бура албадым окшойт. Гастролго кеткенимде Аргенди сиңдилерим карап калчу.
СҮЙҮҮ...
– Сүйүүгө туруктуумун. Жолдошум Таалай менен жашаганыма 21 жыл болду. Ооба, Таалай экинчи никем, жашырбайм. Аргендин атасы Такен менден 18 жаш улуу болчу. Ал киши балетмейстер эле, бизге сабак берчү. Анын талантын сыйлап, бийлегенине кызыгып жүрүп менде ага сезим пайда болгон.
Тирүү адамда сүйүү болуп турган жакшы да. Кээ бири бат, анан көп, айрымдар аз жана саз сүйөт экен.
Таалай менден 5 жаш кичүү. Экөөбүз таанышканда телеканалдардын биринде алдыңкы алып баруучулардын бири болчу. Узун плащты кийип, тамекини тиштеп, өзүнчө эле «мачо» эле. «Үйлөнө элек жигит болсо, менин бир балам бар» деп сүйүүмдөн чегине баштаган болчумун. Бирок Таалай үйлөнөбүз деп такыр болбой туруп алган.
Азыр деле жылуу сөздөрүн арнаган агаларым-инилерим бар. Алар менен чектен ашпай сүйлөшүп турам. Жолдошум деле телефон чалган кыздар менен сүйлөшүп коёт. Бирок экөөбүз тең абийир менен иш кылабыз.
ШАКИРТ...
– Ойлоп көрсөм, менин көп убактым, акчам, нервим ырчы болом деген жаш кыздарды тарбиялоого кетчү экен. Шакирттерди тарбиялоодо ой-максатым абдан таза, бийик болчу. Бала менен отурганча сахнадан четтеп 4-5 жыл эс алсамбы, менин колдоом менен шакирттерим иштеп турса деп аябай көңүлдөнүп алгам, бирок катуу жаңылышкан экем.
Акыркы учурда өзүмдүн келбетиме, чыгармачылыгыма толук көңүл бура баштадым. Аэлитам да, буюрса, аз убакыттан кийин ырдап чыгат. Кызым сахнага чыккыча өзүм ырдап турайын деген ойдомун.
ГАРДЕРОБ...
– Аты чыгып калган адамдардын айрымдары базарга баргандан уялышат. Оокат кылгандын мен үчүн уяты жок. Ата-энем чоң кызматта иштеп, элдин канын соруп саман-саман акча таппаса же жолдошум жеке ишкер болбосо, мен деле акчамды үнөмдөйм. Мен деле балдарыма сапаттуу, бирок арзан кийим алгым келет. Кээде базарга 3 күн катары менен барып кийим алам.
Көргөндөр билсе керек, бир кезде кепканы баса кийип калган элем. Ал кезде Арленим да, Аэлитам да кичинекей. Жардам берген эч ким жок, жумушумдун көптүгүнөн чачымды караганга убактым жок болчу. Бетимди боёп, кепканы баса кийип жөнөп калчумун. Балдарым чоңоюп, азыр кепка кийбей калдым.
Бирөө жарым менен окшош кийингенди жаман көрөм, айрыкча сахналаштарым менен. Сахнада кием деп тиктирген 2-3 формам бирөөлөрдүкүнө окшошуп калып бир кийилген боюнча гардеробдо илинип турат. Ал эми күнүмдүк кийилчү көйнөктөрүмө окшошторду көчөдөн көрсөм, ага маани деле бербейм.
САХНА...
– Айрымдар «Айчүрөктү Такен агай чыгарган» дешет. Менин элге таанылышыма анын эч кандай тиешеси жок. Эгер ал жардам берсе, жардам берди деп эле ачык айтмакмын. Ал, тескерисинче, «Кызыл гүл», «Роза гүлү» деген ырларым чыга баштаганда «ырдабайсың, чыкпайсың, үйдө отур» деп бут тоскон. Баламды кучактап үйгө кире албай көчөдө калган күндөрүм да болгон. «Чыкпайсың» деп кол көтөрө баштаганда Жаштар театрынын артисттери автобус менен көчүрүп кетишкен. Анда ошол театрда иштечү элем. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Эгерде жардам берсе, андай болгон эмес деп четке кагуу мен үчүн чоң күнөө болмок.
Мени опера ырчысы болсо дегенде ата-энемдин эки көзү төрт эле. Алардын ой-максаттарын жүзөгө ашырайын деген ойдо ырчы катары таанылыш үчүн болгон күчүмдү жумшадым. Өзүм жалгыз көгөрүп ыр жаздырып, керектүү адамдарды таап клип тарттырып, чуркап жүрүп ак эмгегим менен сахнага чыктым. Ошол кезде ыр жазып берген акын, композитор, аранжировкачы агаларыма ыраазымын.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg