ТУУРА МАКИЯЖ СУЛУУЛУКТУ АШЫРЫП, КЕМЧИЛИКТИ ЖАШЫРАТ

Макияж бул – косметикалык каражаттардын жардамы менен бетти боёо. Макияж эринди, көздөрдү, каш-кирпикти баса белгилөө жана беттеги айрым кемчиликтерди жашыруу максатында жасалат. Бирок туура эмес жасап алсаңыз, тескери жыйынтыкка кабылуу коркунучу бар. Андыктан сырларын билүү маанилүү.

КӨЗ

  • Көздү боёгондо бир нече өңдү айкалыштырып колдонгон туура. Адатта, көздүн ички тарабы ачык түс менен боёлуп, ал бара-бара күңүрт түс менен алмашат да, сырткы бөлүгү күрөң же кара боёк менен боёлот.
  • Түстөрдү айкалыштыруудан мурда көздүн, чачтын жана теринин өңүн эске алуу керек. Мисалы, боёк көздүн өңүнө окшош же ага жакын болгону жакшы. Теринин өңүнө түспөлдөш болбосо деле болот.

Эскертүү! Көздү боёордун жана сызык чиердин алдында эч кандай крем сыйпабаш керек. Антпесе былжырап, агып калышы ыктымал.

КАШ
Формага келтирүү
Төмөнкү ыкманы колдонуп негизги үч чекитти аныктап алуу зарыл (сүрөттө):

  1. Каштын башталышы
  2. Эң жогорку чекити
  3. Учунун бүткөн жери

Андан кийин ал чекиттерди болжол менен бириктирип, ашыкчасын терип салыңыз. Эгер кашыңыз суюк болсо, аны боёгонго туура келет. Ал үчүн каштын өңүндөй калем же атайын каш боёк менен каштын формасын кайталаган ичке сызык чийиңиз. Ал сызыкты акырындап жоонойтуп, формасы боюнча боёңуз.

МУРУН
Формасын жакшыртуу үчүн...

  • Чоң (таноосу барбайган) мурунду ичке көрсөтүү үчүн каштын ички бурчунан мурунду капталдатып күңүрт түстөгү тоналдык кремди сүйкөйбүз. Башкача айтканда, мурундун үстүнө күңүрт тоналдык крем сүйкөлбөй, мурун капталдарына гана узунунан сүйкөлөт. Ал эми мурундун үстүнө ачык түстөгү тоналдык крем жабылат.
  • Кырдач мурундуулар жогорудагы процессти тескерисинче жасаганы туура. Күңүрт крем менен мурундун үстүн, ал эми эки капталын ачык крем менен сүртүү керек.
  • Узун мурунду кыска көрсөтүш үчүн учуна, эки капталына күңүрт кремди сүртүү керек.

ЭРИН
Эрин боёордо эске ал

  • Помада сүйкөөнүн астында эринге тоналдык крем, анан упа сүртүлөт. Бул помаданын эринде бекем кармалышы үчүн жасалат. Оозду боёгондон кийин кагазды же салфетканы өөп коюңуз. Анан экинчи сыйра койсоңуз болот.
  • Эринди баса белгилөө үчүн атайын карандаштын жардамы менен контур чийилет. Бул аны калыңыраак кылып көрсөтөт жана ооз боёктун акпашын шарттайт. Андан тышкары формасын оңдоодо көмөктөшөт.

Эриндин формаларын оңдоo

КИРПИК
Кирпик боёонун эрежелери:

  • Кирпикти түбүнөн баштап учуна чейин зигзаг түрүндө боёш керек.
  • Эки же үч кат боёлгону жакшы. Бирок бир кат толук кургагандан кийин гана экинчи сыйра боёлушу кажет.
  • Тушь кургагандан кийин аны атайын щётка менен тарап койсоңуз, жабышкандары ажырап көрктүү болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Макияж беттеги кемчиликтерди жашырат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
jipara86
2013-08-12 21:41:35
Jakshi kenesh eken.rahmat super.kg
0
altinim
2013-08-13 08:33:30
тескерисинен боеп салдыго менмче любой аял биринчи основ под макияждан кийин тональ аан кашын андан кийин коз ооз башка жактарын бойойт бул жерде эн акырында тональный же мен билбейминби , кенеш жеткиликтуу четко и ясно берилген эмес
0
bemaKG90
2013-08-17 01:06:37
altinim, sayachka tuura aitat birinchi kozdu anan betti boieit.negizi eger kozgo koburook basym jasa turgan bolso al emi kee birleri bettke kop konul burushat misaly contouring kee biriniin kozu choon birok beti togolok anan jalpak myna ushunda bettin tuzulushun taap alyp anan kozgo makiyaj jasalat. I murundu kyrdach je kyska korunush uchun bronze tibindegi pudra koldonup ustuno matovyi ten koldonso bolo.al emi kash daagy idealduu korunush uchun kashtyn ustuno tonalka menen suikop koiso bolot
0
Asus84
2013-08-13 09:40:09
ар ким конуп алгандай бойонотко дейм
0
altinim
2013-08-13 10:19:59
Asus84, конуп алгандай эмес боенуунун оз эрежелери болот
0
angelo4ka_96
2013-08-13 15:09:23
Жакшы кеңештер экен))))рАХМАТ,сиздерге super.kg
0
ASUS85
2013-08-13 16:03:15
ар адамдын өзүнүн стили бар ошого жараша боёнот деп ойлойм.
0
Misi
2013-08-19 08:40:56
ASUS85, туура айтасыз. мен дагы кошулам.
0
altinim
2013-08-13 19:23:34
оо кокуй оа ошондой , силер тамакты алдынарга койсо четинен эмес ортосунан чукуп жеген тетири неме окшойсунар
0
saya4ka
2013-08-14 09:29:52
altinim, ортосунан баштап жеген ынгайлуу болсо жей берет да. Эмне болот экен? ))) Анан дагы, тоналканы эн аягында суртуу керек! Анкени козду боеп жаткан учурда боектун кукумдору "по любому" учуп, бетке отуруп калат. Ошону учун аягында бет идеалдуу болушу учун тоналка коет! Эреже деп калыптырсыз, ушундай эреже бар экени эмкиде эсинизде болсун! Ал эми бирнчи тоналка коюп анан коз боегендор, дал ошол эрежени колдонбогондук.
+1
Gulnur1980
2013-08-13 21:17:38
Жакшы кенештерди бергениниздерге чоон рахмат !
0
magic1721
2013-08-14 00:10:36
тантырабай же орусча же кыргызча суйлосо болмок, коруп отуруп мен кыйналып кеттим
0
altinim
2013-08-14 11:43:23
акылдуулар веерди кулак чуккуганы чыгарган эмес
0
aijan
2013-08-17 08:27:07
Андай кылса да, мындай кылса да болот го, кыздар :) Жеке мен козумду боеп алып анан тоналка кое албайм. Ынгайсыз. Кирпик мешает ))) Тоналкага тень жабышып калбаш учун, козумун астына пудра коюп коем. Кийин пудраны кубуп койсом, тиги учкандары да кошо кетет. Баса, такай тоналка да койбойм. Кундуз уащще эле колдонбойм. Азыркы ысыкта тем более. Кобунчо жон эле бетимди тониктеп, козумду тень мн боеп коем.
0
Misi
2013-08-19 08:46:45
азыркы ысыкта боенбогон деле туура. тень менен тушь коюп койсо болот. крем, тональный крем, пудранын деле кереги жок
0
mademoiselle
2013-10-22 21:20:06
Misi, ошо именно ысыктан сактап турат да тональный
0
yalegenda
2013-08-25 00:13:04
эн негизгиси табигый сулуулук экенин унутпагыла
+1
muslima94
2013-09-04 01:43:02
yalegenda, эн туура айтасыз,ал эми эн табигый касметика бул сууу!
0
kalmir08
2014-06-29 03:54:52
Adessi kajda ekenin bilbeisizderbi ???maga jakti..men barat elem
0
kalmir08
2014-06-29 03:55:48
Adressin bilsenizder jazip jiberesizderbi
0
Adilnur
2014-09-02 00:32:12
Зор го сонун экен мага жакты
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан