Өткөн аптада Ош шаарындагы «Сулайман тоо» борбордук мечитинде Бириккен Араб Эмираттарынан алынып келинген Мухаммед пайгамбардын 1 тал чачына зыярат кылуу өткөрүлдү. 40 000ден ашуун адам катышып, зыярат таң атканга чейин улантылды. Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин сурануусу менен пайгамбардын 1 тал чачы Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга 3-августта алынып келинген. Бул чачты алып келүүгө башка мамлекеттер да кызыкдар болушканын, бирок чүчү кулактын негизинде Кыргызстанга туш келгенин айтат Убайдулла ажы Сарыбаев.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg