Ош шаарынын Озгур айылы. Тапчанда 103кө толгон Бегайым энени тегеректеп уул-кыз, келин-күйөөлөрү отурушат. Үйдүн короосу толо неберечөбөрөлөр. Кылым
карыткан эне менен болгон маегибизге уул-кыздары да аралашып, тамашалай сүйлөп, шаңдуу үй-бүлө экенин көрсөтүштү.
– Бегайым эне, абалыңыз жакшыбы?
– Жакшы, айланайын. Мени тартайын деп келипсиң да, рахмат, балам.
– Эне, канча жаштасыз?
– 1910-жылы өрүк гүлдөгөн маалда туулган экенмин. Быйыл 103кө толдум.
– Чоң үй-бүлө куруптурсуз, канча балаңыз бар?
– Беш уул, үч кызым бар эле, бир уулум 30 жашка чыкканда көз жумду. 24 небере, 55 чөбөрөм бар эле, кечээ дагы бирөө төрөлүп, 56 болду. Кыбыраларымдан азырынча үчөө. Абышкам эрте каза болуп, балдарымды жалгыз чоңойттум.
– Жаштыгыңыз кандай өттү?
– Оорукта иштеп, кетмен чаап, орок оруп эле өттү. Улуу балам боюмда кезде абышкам согушка кеткен. Аман келип калсын деп уулума Амангелди деген ат койгонбуз. Колдогу бала менен күнү-түнү орок оруп, кетмен чаап иштеп, план толтурсак бир нан алып, аны балдарга бөлүп берчүбүз. Кызым, көрбөгөнүбүз калган жок, көпчүлүгү эсимден да чыгып кетти. Чоң казанга атала бышырып, иштеп жаткандарга бөлүп беришер эле. Тилегенибиздей абышкам аман келди, бирок ок тийип жарадар болгон экен, ооруп жүрдү. Абышкам келгенден кийин жети балалуу болдук. Тун уулубузду үйлөнтүп, үч неберелүү болгон соң абышкам дүйнө салды. Улуу келиним Лайлинин келгенине быйыл 50 жыл болот. Кеңешчим да, акылдашым да болуп жүрүп баарын үйлөнтүп, мына эми чоң үй-бүлө болуп калдык.
– Канча пенсия аласыз, эмнеге иштетесиз аны?
– Лайли, каякка кеттиң?- деп келинин издеп калды эне.
Лайли эже, келини:
– Энем 4000 сом пенсия алат, андан сырткары да кошумчалары бар. Энем аны тиричиликке жумшайт.
Бегайым эне:
– Туура, канчага чейин балдарым, кыздарым, келиндерим деп жүрө берем? Булардын да өз тирчиликтери бар, кыз берип, келин алып, небере көрүп калышкан. Мен кичүү уулумдун баласы мененмин. Майрамдарда шаар жетекчилиги белектерди берип, куттуктап кетишет. Ага да ыраазы болуп отуруп калам. Балдарды багып койгон экем, бул кызымдан, тиги кызымдан кийим кийип, урмат-сый көрүп жатам.
– Азыр деле кайраттуу экенсиз, эч жериңиз оорубайбы?
– Буту-колум ооруйт. Бирок күн-түн эгин эгип, сугатта иштесек да ооруп жатып калбадык. Жаш кезибизде ооруп калам деген оюбуз да жок эле, бирок карылык экен, тал чиригендей эле чиридим го.
– Канча падышанын нанын жедиңиз, кимисинин наны таттуу болду?
– Сталин, Хрущёв, Брежнев дегендердин доорунда кыйын күндөрдөн өттүм. Таттуу жашоо – азыркы учур. Эчен заман көрдүм, азыркыдан өтөрү жок. Баары мол, эмне издесең табасың. Тапканыңдын, эмгегиңдин баары өзүңдүкү. Бала-чакаң айланаңда жүрөт.
– Бегайым эне, көпкө жашаш үчүн эмне кылыш керек, кандай кеңеш бересиз?
– Келиндеримдин баары жакшы чыкты. Бешөө беш жагымдан талап турса качан эле өлүп калмакмын (күлүп). Көп кыймылдасаң ден соолукка пайда деген туура деп ойлоп калам. Жаш кезде тынбай иштегенибиздин арты көп жашаганыбыз менен кайтып жатат окшойт.
– Кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg