ҮТҮК КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Ооба, балдар, биз азыр үтүктү токко сая калып, кийимибизди үтүктөп алабыз. Мындай электр үтүктөрү пайда болгонго чейин адам баласы кийим үтүктөөдө ар кандай нерселерди колдонуп келишкен.
Мисалы, алгач алар кийимди ным кезинде жалпак таш менен бастырып же болбосо бүктөп үстүнө отуруп алып бырыштарын жазышчу экен.
Кийинчерээк ичине чок салынган көмөч казанды колдонушкан. Мындай көмөч казан-үтүктөр улам-улам чок салынып, колдонууга ыңгайсыз болгону аз келгенсип, чок чачырап, кийимдерди жарактан чыгарган.
18-кылымдын ортосунда гана түзүлүшү азыркы биз колдонуп жүргөн үтүктөй, бирок чок менен иштей турган түрүн ойлоп табышкан. Андагы көзөнөк аркылуу чокту улам-улам үйлөп кийимдерди үтүктөшкөн. Мындай үтүктөрдүн салмагы 10 килограммга чейин жеткендиктен, зор күч талап кылынган. Чок үтүгүнөн кийин буу, газ жана спирт менен иштөөчүлөрү ойлоп табылган.
Ал эми биз колдонуп жаткан электр үтүгү 1882-жылы америкалык окумуштуу Генри Сили тарабынан ойлоп табылган. Ошондон бери бул буюмдун түзүлүшү өзгөрбөй, айрым функциялары гана өзгөртүлүп чыгарылып келет.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fanatka19
2013-08-12 14:34:26
Атам айтып калчу.илгери утук жок мезгилде.кружкага суу куйуп,аны отко койуп анан галстугубузду утукточубуз деп.азыр болсо баардык шарт бар ошону кылгандан да эринебиз.
0
Asiyo
2013-08-16 13:42:15
fanatka19 туура айтасын,"Эшектин жугу женил болсо жатаак болот"деген чын да
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан