Жоокер генерал болгусу келсе, актёр, актрисалар «Оскар» алганды каалайт. 1929-жылдан тарта бул сыйлык киноиндустрияга алгылыктуу салым кошкондорго тапшырылып келет. Мындай бакытка кээ бир актёр, актрисалар оңой эле жетсе, атактуулугу менен байлыгы ашып-ташкан айрымдар үчүн кол жеткис.
ЖИМ КЕРРИНИН ТАЛАНТЫ «ОСКАРГА» ТАТЫБАЙБЫ?
«Бет кап», «Алдамчы», «Колунан баары келген Брюс» сыяктуу бир топ тасмалардын көркүн ачкан актёр, комедиялуу кинонун «атасы» Жим Керри бир да жолу «Оскарга» талапкер болбоптур. Ал «Прожектордун жарыгына көзүмдү уялтып, сыймыктануу, толкундануу менен сахнада тургум келет. Албетте, мындай жагымдуу учурга «Оскарды» алганда гана туш болсом керек. Бул эң башкы максатым» дейт. Актёрдун күйөрмандары болсо «Керринин талантынын алдында «Оскар» эч нерсеге татыбайт. Анын атагы бул киносыйлыктан көз каранды эмес» дешет.
«АНЖЕЛИНА ЭКӨӨБҮЗГӨ БИР СЫЙЛЫК»
Брэд Питт дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырзалардын сап башын ээлеген актёр. Муну менен ал канча деген айымдардын жүрөгүнө чок салса, таланты, харизмасы менен режиссёрлордун кызыгуусун арттырып келет. Ошентсе да анын ушул кезге чейин «Оскарга» жетпей жүргөнү табышмак. Питт аталган киносыйлыкка үч жолу көрсөтүлүп, үчөөндө тең жеткен эмес. Актёрдун өзүн-өзү жоошутканыбы, айтор, сыйлык тууралуу «Оскардан» куру эмесмин. Анткени жубайым Анжелинаныкы бар» дейт. Анжелина Жоли 2000-жылы «Экинчи пландагы мыкты актриса» («Үзгүлтүккө учураган өмүр») наамына татып, «Оскарды» багынткан. Ооба, анын «бир үй-бүлөгө бир «Оскар» жетет» дегени туура деңизчи. Ошентсе да жубайыныкын жалгызсыратпай түгөйлөп койсо ашыкча болбос.
«ЭЛДИН СҮЙҮҮСҮ МЕН ҮЧҮН «ОСКАР»
Жонни Деппке «Кариб деңизинин каракчылары» тасмасындагы Жек Таранчынын ролу өзгөчө популярдуулук алып келген. Ал дүйнөнүн эң кымбат актёрлорунун катарында. Таланты көз жаздымда калбай, «Оскарга» үч жолу ат салышып, тилекке каршы, куру жалак калган. «Башкы максатым – сыйлыкка жетүү эмес, мыкты ролдорум менен эл сүймөнчүгүнө айлануу»,- деп актёр баса белгилейт. Чынында, учурда Деппти тааныбаган, талантына суктанбаган жан жок экени анык.
«ОСКАРЫМ» ЖОК, ДЕМЕК, ЖАЛКООМУН»
Голливуддун таланттуу актрисаларынын бири Кэмерон Диас убагында моделдик чөйрөгө аралашып, подиум жылдызы да болгон. Бирок тагдыр ташы кино жаатына ооп, талантын экранда сыноого туура келген. Актриса 30дан ашуун тасмада роль жаратып, 90-жылдары жарыкка чыккан «Бет кап» фильминдеги Тина Карлайлдын образы аркылуу популярдуулукка жеткен.
Ошентсе дагы Диас башкы сыйлыкка жетпей арманда жүргөндөрдүн катарын толуктайт. «Оскар» – иштермандардын сыйлыгы. Мендей жалкоолукту жакшы көргөн адам үчүн ал асмандагы жылдыздай эле, жетүү күмөн»,- дейт буга эч кейип да койбогон актриса.
ЭНИСТОН ДАҢК АЛЛЕЯСЫНДАГЫ ЖЫЛДЫЗЫНА ЫРААЗЫ
Батыштын «Достор» аттуу тамашалуу телесериалында актриса Женнифер Энистон башкы ролдордун бирин ийине жеткире ойногон. Дал ушул сериалдагы мыкты образы үчүн Энистон «Алтын глобус», «Эмми» сыйлыктарына татыган. Женнифердин дагы бир көптөн бери көксөгөн тилеги – «Оскарды» багынтуу. Азырынча актрисанын сыймыгы – Голливуддагы Даңк аллеясындагы жеке жылдызы.
Булардан сырткары Антонио Бандерас, Том Круз, Уилл Смит, Пирс Броснан, Леонардо Ди Каприо, Хелена Бонэм Картер, Жулианна Мур, Сара Жессика Паркер жана башкалар «Оскарга» жетпей келишет.
«ОСКАР» ТУУРАЛУУ
Асел Асанова
star@super.kg