СЫНАЛГЫ – ТЕХНИКА КЕРЕМЕТИ

Учурда сыналгынын түркүн түрү бар. Анткени дүйнөдөгү ири компаниялар атаандаштыктан улам жаңы түрүн ойлоп таап, сатыкка чыгарып келишет. Эмесе, сыналгынын кечээки тарыхынан тарта анын бүгүнкү күндөгү өзгөрүүлөрүнө чейин сөз козгомокчубуз.

ТАРЫХЫНАН... «Телевизор» латынчадан которгондо «алысты көрүүчү» деген маанини билдирет. Пайда болуу тарыхы 1873-жылга барып такалат. Англиялык инженер-электрик Уиллоуби Смит фотосүрөттү экран аркылуу чагылдырып берүүнү ойлоп тапкан. Ал айнек экранга түс берүүчү селен химиялык элементинин жардамы менен сүрөттөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачкан. Анын мындай ойлоп табуусун дүйнөнүн бир нече өлкөсүндөгү ойлоп табуучулар улантып, өркүндөтүшөт. 1884-жылы немис улутундагы Пауль Нипков экранга сүрөттөрдү берип туруучу диск ойлоп таап, анын негизинде алгачкы механикалык сыналгы (сүрөттө) түзүлөт.
1906-жылы германиялык Макс Дикманн экранынын узундугу 3, туурасы да 3 сантиметр болгон сыналгыны элдин алдына алып чыккан. Башкача айтканда, өлчөмү болжол менен 5 тыйындай болгон электр менен иштөөчү механикалык сыналгы эле. Андагы көрсөтүлгөн кадрдын ылдамдыгы 1 секундда 10 гана кадрды түзгөн жана үн коштоо деген болгон эмес.
Ушул эле жылы орус окумуштуусу Борис Розинг сүрөттөрдү алыс аралыктан экранда электрдин жардамы менен көрсөтүүгө болорун далилдеп, буга патент алган. Бирок ал кездеги сыналгыларда, азыркы тил менен айтсак, слайд-шоу көрсөтүлгөн. Ал эми экрандагы кыймылдуу берүүнү шотландиялык Жон Бэрд ойлоп чыгарып, 1926-жылы тартуулаган. Арадан 5 жыл өткөндө, АКШга жер которуп кеткен орусиялык Владимир Зворыкин иконоскопту ойлоп таап, 1931-жылы АКШда электрондук сыналгылар чыгарыла баштаган. Электрондук телеберүүлөрдү эфирге чыгаруу иши 1932-жылы колго алынып, бирок АКШнын экономикасы оор абалга тушугуп, ал иш токтоп калат. Арадан 2 жыл өткөн соң бул ишти Германия колго алат. Ошентип, аталган өлкөдө алгачкылардан болуп үзгүлтүксүз берүү башталат.
Түстүү экрандуу сыналгылар 1953- жылы АКШда пайда болгон.

СЫНАЛГЫ ТАНДООДО ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
Экран
Экран тандоодо көрүүчү менен сыналгынын аралыгы сакталууга тийиш. Өтө жакын же алыстан көрүү көзгө күч келтирип, оорутуп жиберет. Андыктан төмөнкү таблицадан канча аралыкка кайсы экран туура келерин аныктап алыңыз.


Үйгө сыналгы тандап жатсаңыз, анда экранынын диагоналы 32-42 дюйм
(1 дюйм=2,63 см)
болгону жакшы. Себеби 2,5-3 метр аралыктан көрүүгө ыңгайлуу. Бөлмөсүнүн узундугу 4-5 метрди түзгөн көпчүлүк үйлөргө ылайыктуу.

ЭКРАНДАГЫ КЫЙМЫЛДЫН ЫЛДАМДЫГЫ
Экрандагы кыймыл канчалык тез болсо, видеокадрлар алмашканда экрандагы сүрөт так, даана көрүнөт. Эгер видеокадрларды сапаттуу көргүңүз келсе, экрандын ылдамдыгы 100 герцтен жогорку көрсөткүчтөгүнү тандоо керек. Башкача айтканда, 100 герц деген көрсөткүч 1 секундда экранга 100 кадрды чыгарып турат дегендик.

ЭКРАНДЫН СЫРТКЫ КАТМАРЫ
Экрандын сырткы катмарынын күңүрт айнектүү жана жалтырак айнектүү эки түрү бар. Күңүрт айнектүү экрандын артыкчылыгы – жарыкка чагылышпайт. Бирок сүрөттү так, ачык көрсөтпөйт. Ал эми жалтырак айнектүү экрандын жакшы жагы, сүрөттү өтө ачык көрсөтөт. Кемчилиги – жарыкка чагылышканда экрандагы сүрөттү көрүү кыйынчылык жаратканында.

КОШУМЧА ТУТАШТЫРГЫЧТАР
Заманбап сыналгыларды азыр түрдүү түзүлүштөр менен байланыштырууга мүмкүн. Атап айтсак, компьютер, DVD, флешка, медиаплеер же ресиверге (санариптик телеберүүнү алып көрсөтүүчү түзүлүш) кошууга ылайыкталган туташтыргычтары болуусу кажет.

ЭКРАНДЫН ТҮРҮ
Плазмалык
Артыкчылыктары – түстөрдүн карама-каршы берилүүсү жогору. Мындайча айтканда, түстөр бири-бирине кошулуп кетпей, ортосу так, даана бөлүнүп турат. Түстөргө бай. Экрандагы кыймыл-аракеттер табигый берилет.
Кемчиликтери – ысык аба ырайында, өзү да жылуулукту көп бөлүп чыгаргандыктан, көпкө иштеп калса, экраны күйүп кетиши мүмкүн. Экрандагы сүрөттөрдү берүүдө майда чекиттер көзгө урунуп турат. Орто эсеп менен алганда 30 миң саатка чейин же күнүнө 8 саат деп эсептесек, 9 жыл кызмат көрсөтө алат. Экрандын бир бөлүгү сынып же дагы башка зыянга учураса, экран толугу менен керектен чыгып калат.

Суюк кристаллдык
Артыкчылыктары – жылуулукту аз бөлүп чыгаргандыктан, күйүп кетүү коркунучу дээрлик жок. Электр энергиясын аз сарптайт. 60 миң саатка чейин кызмат көрсөтөт.
Кемчиликтери – карама-каршы түстөрдүн жана алардын ачык берилүүсүнүн деңгээли төмөн. Биринчи кадрдагы сүрөттөр экинчи кадрдын артында элес болуп бир нече секунд сакталып туруп калат. Экрандын бир бөлүгү сынып же дагы башка зыянга учураса, экран толугу менен керектен чыгат.

Жарык диоддук
Артыкчылыгы – башкаларга салыштырмалуу өтө ачык көрсөткөнү. Экрандын бир бөлүгү зыянга келтирилсе, башка бөлүктөрүнө залакасы тийбейт. Ысыкка жана суукка чыдамдуу. 50 миң сааттан ашык убакытка чейин кызмат кылат.
Кемчиликтери – экрандагы чекиттердин көлөмү чоң жана баасы башкаларга салыштырмалуу кымбат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
borodach
2013-08-13 16:51:17
salamatsyzdarby super info! kenewinizderge raxmat, maga noutbuktar jonundo maalymat berip koyosuzdarby ,
0
admin_media
2013-08-13 17:37:33
borodach,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
mmdina2013
2013-08-14 00:12:05
Super info suranych fotoaparat jonundo maalymat gezittin kaisy sanyna chykty ele aityp kounuzdarchy,abdan kerek bolup jatat
0
admin_media
2013-08-14 09:36:34
mmdina2013,
Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме аркылуу кириңиз)))
http://www.super.kg/article/?article=20617
0
azamat_1986
2013-09-06 11:01:51
канча сом турат экен достор?
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан