«КЫЗЫМДЫ УУРУНУН КОЛУНА ӨЗҮМ КАРМАТЫПТЫРМЫН»

Өткөн жылдын 6-октябрында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Айбек" базарынан Айбийке аттуу 11 айлык наристе 20-25 чамасындагы белгисиз аял тарабынан уурдалган. Наристе арадан 8 ай өткөн соң гана табылган. Бул убакыт ичинде Айбийке ата-энесин тааныбай калган.

«АЙБИЙКЕ САТЫЛЫП КЕТИПТИР» ДЕГЕН СӨЗДӨР АЙТЫЛЫП ЖАТТЫ»
Бул күндөрдү Айбийкенин апасы НАЗГҮЛ ШАРИПОВА зээни кейип, кайгыруу менен эскерет:
– Биз Кадамжай районунда жашайбыз. 1 уул, 1 кызым бар. Кызым Айбийке ошол убакта 11 айлык эле. 6-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарына кызыма кийим-кечек алуу үчүн баргам. Анан энемдин туулган күнүнө белекке алтын шакек да алмакчы элем. Керектүүлөрдү алып бүтүп, алтын саткан жерге бардым. Ал жерде алтын буюмдарды карап жатсам, жаныма бир жаш келин келип «кызыңыз аябай жакшынакай экен, конфет жейби, алып берейин» деп калды. Мен «макул» десем, «келиңиз, кызыңызды мен кармап турайын, сиз алтын көрүп алыңыз» деди эле, мен жаман нерсе оюмда жок ага кармата койдум. Алар менин жанымда конфет алабыз деп турушкан. Көзүмдү ачып-жумгуча эле жоголуп кетишти, дүкөнгө кирип кеткен окшойт деп бир аз күтө турдум. Келбеген соң өзүм издей баштадым.
Арадан 1 саат өтүп, эч натыйжа чыкпаган соң милицияга кайрылдым. Ал жерде да арыз жазып жана башка документ иштерин бүтүрүп отуруп 1-2 саат өтүп кетти, андан соң гана издөөгө өтүштү. Милиция кызматкерлери базардан издеп таба албай коюшту. Менин ал убактагы абалымды сөз менен айтып берүүгө болбойт. Колумда турган кызымды өзүм башкага кармата койгонума ишене албай, айла жок үйгө кайттым. Милиция кызматкерлери алгачкы 2 ай катуу издешти. Бирок таба алышкан жок.
Ошол азаптуу күндөрдү эстесем, азыр да жаман болуп кетем. Ал жаш келинди мындайга барат деп эч ойлогон эмесмин. Кызымды тааныбаган адамга бергендигим үчүн өзүмдү жемелеп жүрдүм. Эки ай өткөн соң милиция кызматкерлеринен да үмүт үзүлдү. Кызымдын кайда экендигин билүү үчүн түрдүү табып, бакшы, молдолорго бара баштадык. Облус аймагындагы күчтүү көзү ачык дегендердин баарына бардык. Бул убакыт ичинде эл арасында түрдүү айың кептер чыкты. «Айбийке сатылып кетиптир, анын органдарын чет мамлекетке сатып жиберишиптир» деген сөздөр айтылып жатты. Бул сөздөрдү уккандан кийинки абалды айтпай эле койсом болот.
Кызымды бутубуз тешиле издеп, барбаган жерибиз калбады. Июнь айынын аяк ченинде Кадамжай районунун Шады айылынын тургуну «Кызыңардын турган жерин таптым, мени менен барып кызыңарды көрөсүңөрбү? Дал ошол экендигин таанышыңар керек» дегенинен ишенген жокпуз. Ал киши кеткенден кийин ойлонуп, кайра ага телефон чалдык. Андан соң апам ал адам менен сүйлөшүп, Айбийке турган үйгө барып кызымды тааныптыр. Ошол эле күнү кызым үйгө келди.
Айбийке арыктап, денесинде тытылган издер бар экен. Алгач келгенде өзүнө чоң энесинен башканы жолотпой ыйлап жүрдү. Энем менен жүрүп, эми бизге да көнүп калды. Бирок бейтааныш адамга анчалык жолой бербейт. Кызымды дени таза таап берген Аскар Аманбаевге, Кудайга ыраазымын. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан Айбийкени тапкан адамга 100 миң сом акчалай сыйлык берилет деп айтылган экен. Бирок ал акча бериле элек.

«АЙБИЙКЕНИ УУРДАГАН КЕЛИНДИ КАЙНАТАСЫ ТӨРӨБӨЙСҮҢ ДЕП КУУП ЖИБЕРИПТИР»
Айбийкени өз алдынча издеп тапкан пенсиядагы милиция кызматкери АСКАР АМАНБАЕВ кызды 4 ай бою издеген.
– Мен Ош шаарынан Кызыл-Кыя шаарына келе жатып, маршрутканын ичиндеги эки аял Айбийке жөнүндө сүйлөшүп баратканын угуп калдым. Бирөөсү «Айбийкени уурдап кеткен Махабат деген келин, наристени уурдаган соң ал Жалал-Абаддын тоолоруна чыгып кеткен. Анын кызды уурдап келгенин ал жердегилердин баары эле билет. Ал келиндин колунан бардык нерсе келет. Айбийкенин ата-энесин коркутуп акчасын да, айласын да түгөттү. Милицияга Махабаттын кайда экенин билдирип коюш керек» деди. Экинчиси «билдирсең өзүң кармаласың. Сен айткыча келин Айбийкени дагы башка жакка алып кетип калат. Ал оңой эмес, качып кетсе, сени суракка алышат» деп айтты. Ошентип сүйлөшүп келип, эки аялдын бирөөсү Ноокаттан түшүп калды. Экинчиси Кызыл-Кыя шаарынан түштү, мен бара турган жериме кетпей эле анын артынан түшүп, Айбийке тууралуу сурадым. Бирок аял «мен бул окуяга аралашкым келбейт» деп айтуудан коркуп туруп алды. Мен ага «сен аралашпайсың, болгону мага ал келин жөнүндө айтып бер» деп отуруп акыры маалымат алдым.
Андан соң келин жүрөт деген айылдарга барып, аны тааныгандардан сураштыра баштадым. Акыркы 4 ай ичи үйдө да болгон жокмун. Издегенге да көп каражат кетти. Менин эмне кылып жүргөнүмдү кемпирим да билген жок. Күнү-түнү үйгө барбай талаалап жүрсөм, үйдөгүлөр мени башка аял таап алган деп ойлошуптур. Акыр-аягы Айбийкенин турган жерин таап, эми анын Айбийке экендигин тааныш керек болду. Наристенин ата-энесине жолугуп, «мен кызыңарды таптым, тааныганга жүргүлө» десем, алар «биз мындайдан тажадык, акча тилеп жатсаң айт, берели. Бизди алдабай эле кой, сага окшогондор тажатышты» дешти. Себеби аларды Айбийкени уурдаган келин «бул жерге келгиле, кызыңар бар» деп алдап ар жерге чакырып, жеткенде телефонду өчүрүп коёт экен. Тоо-ташта жалгыз калып кеткен түндөрү да болуптур. Ошон үчүн мага ишенбей жатышыптыр.
Кайра ойлонушканбы, эртеси телефон чалышты. «Кызыңарды таппасам, кеткен чыгымыңарды төлөп берем» дедим. Айбийкенин таенеси келип, экөөбүз Араван районунун Жабылга айылына бардык. Айбийкени уурдаган келинге кошуна жашаган жаш балдарга Айбийкенин сүрөтүн көрсөтсөм, алар ошол экендигин айтышты. Уурдаган келинди кармаганга менде укук жок болгондуктан, ага чейин Кадамжайдан милиция кызматкерлерин даярдап койгон элем. Аларды чакырып, Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлери келип келинди кармашты. Келин «бул эжемдин кызы, бербейм» деп орусча сөздөр менен сөгүнүп кирди. Бирок метрикасын көрсөтө алган жок. Таенеси «Айбийке, Айбийке» деп чакырса, наристе таенесин издей баштады.
Наристени келин багып алуу максатында уурдаган экен. Өзү турмушка чыгып, балалуу болбогондо кайнатасы кууп жибериптир. Кызды уурдагандан кийин ал Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Араванда алып жүргөн.

«ИШ СОТКО ӨТКӨН»
Кызыл-Кыя ШИИБинин башчысы МУРАТ ТОГУЗАКОВ:
– 1994-жылы туулган Акбермет Акматова 2012-жылдын 6-октябрь күнү саат 14:00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан Кадамжай районунун Алыш айылынын тургуну Назгүл Шарипованын кызын «конфет алып берем» деп алдап алып, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна качып кеткен. Ал жакта «менин кызым» деп багып жүргөн. 8 айдан соң Айбийке Абдилакимова Акбермет Акматова багып жүргөн жеринен табылып, ата-энесине кайтарылып берилген. Бул факт боюнча Акбермет Акматованын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Акбермет Акматованын акыл-эси жайында экендиги аныкталды. Учурда тергөө иши аяктап, соттук кароого өткөрүлүп берилди.

Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
sgk_85
2013-08-13 11:06:46
Мээси ордунда болгон адам баласы мындай ишке барбайт болчу, оорулу болсо керек. Анткени ата-энеси эмне болот деген ойго келиш керек болчу да. Кудай сактай кор, заманыбыз кайда бара жатат? Аскар атага ыраазычылык билдируу менен, бекем ден соолук каалайм, рахмат сизге.
0
AFRODITA-89
2013-08-13 16:39:23
Аскар абага Аллахым жакшылыгын бере корсун ден соолукта болсун. Уурдаган келинге мин наалат, жазасын алсын.
0
Aikokul85
2013-08-13 16:51:05
Былтыркы жылы угуп шок болуп калдым эле жакшы табылыптыр.
0
beko-
2013-08-13 23:25:42
оа уккан элем тыбай отс телеканалынан корсотуп жаткан элдин баары ошол бироонун кызын уурдаган келинге наалат айткан.
0
marin
2013-08-14 20:21:21
Мындайлардан кудай сактасын!
0
Asul
2013-08-14 23:31:27
Эмне деген "ит жыгылыш" жашоо болуп бара жатат?
0
dinar_13G
2013-08-15 20:06:59
ай ий кызын жоготкон эненин ахыбалы кандай болду 8ай кылымга тете болгондур журогум ооруп кетти.
0
guard
2013-08-16 23:37:43
Деги эле уурулук жакшы эмес, адам уурдоо бул өтө чоң кылмыш...уурдап аны багып алып, кыздын ата-энесин кууратып бакыт издебей эле койсо болмок...
0
azia9393
2013-08-17 01:50:30
Аскар абага таазим Аллахым эки дуйно бактылуулук насиб этсин тиги жапжаш кыз оорулу окшойт ата энеси бар болду бекен?
0
Rostov-on-Don
2013-08-18 15:07:42
Баарынан да тиги эки аял суйлошуп бара жатышкандар билишип туруп полицияга айтканды коркушканы эмнеси?Аскар абага терээн ыраазычылык билдирип акчалай суйунчусун берип койсо жакшы болмок!
0
nazi84
2013-08-18 19:20:15
Журогу тоо кыз экен энесин каратып туруп уурдап кеткен. Дагы жакшы аман эсен табылганы.
0
Nurzada88
2013-08-18 22:09:02
Аскат Аманбаевге чоон ыраазычылык билдиребиз, бар болунуз, узаак жашаныз. Супер инфо кызматкерлери соттун жыйынтыгы жонундо да маалымат берип коюнуздарды отунобуз.
0
tynara81
2013-08-18 23:28:15
Уурдаган келиндин акыл-эси жайында эмес болсо керек. Эмесе, кочодон тааныбаган эле аялдын баласын багып алуу учун уурдап эмне кылмак. Эне болгусу келген аял берки аялдын куйутун абалын тушунуш керек эле. Ал кыз озуно конгучо азап болгондур. Багып алам десе баласынан баш тарткандардан торолоору менен алып бакса болмок да.
0
tynara81
2013-08-18 23:35:59
Бул жерде башка мандем барбы дейм да. Жанагы суйлошкон аялдардын созу боюнча, андан коркушса. Жоготкон келин дагы да чыдамкай экен. Анын ордунда болсом олуп калмакмын, бери эле дегенде акылдан адашышым турган кеп эле. Таап берген киши бар болсун, пендеден болбосо аллахдан кайтсын мээнети.
0
kamo
2013-10-12 11:07:18
Аскар авга чоон рахмат айтыш керек. Акча деле берип койсо болмок. 4ай андып ,изилдеш онойбу. Конфет алперем десе эле карматып койгон кызыкго энеси.
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан