Бишкек шаарында да Анастасия Хрулькова аттуу 11 жаштагы кыз жоголуп, жарым айдан кийин табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери МЕДЕР КУТТУБАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Анастасия Хрулькова 11 жашта, атасы жок, апасы жана чоң апасы менен жашайт. Ал буга чейин да бир нече ирет жоголгон. Алгач үстүбүздөгү жылдын 1-январында апасы «кызым жоголуп кетти» деп арыз жазып, 2 күндөн кийин көчөдөн табылган. Профилактика жүргүзүү учурунда Настя «ойногону үйдөн чыгып, коркконуман келбей койдум» деп түшүндүргөн. 17-мартта апасы «кызым жоголду, таап бергиле» деп дагы арыз жазган. Бир жумадан соң ал Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан «Ататүрк» эс алуу багынан табылып, балдар приёмнигине өткөрүлгөн. Ал жакта Настя 2 жума жаткан. Бул убакыт ичинде анын кийинки тагдыры боюнча комиссия түзүлүп, өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө берилген. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай калган да, кайрадан апасына өткөрүлгөн.
Ал эми бул жолкусунда апасы «кызым дагы жоголду» деп 15-июлда арыз менен кайрылган. Апасынын айтымында, Анастасия мурда да бир нече ирет үйүнөн качып кетип жүргөн. «Бул жолкусунда 2 жума жок болгондугуна байланыштуу милицияга кайрылдым» деп түшүндүрдү. Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу издеп, көчөлөргө да сүрөттөрүн илгенбиз. Элдерден «бул эс алуу багында жүрөт, тиги жерде жүрөт» деген маалыматтар түшүп баштаган. Бирок айткан жерлерге барып тапкан эмеспиз. 31-июлда мага бирөө телефон чалып, «ЦУМдун жанынан көрдүм» деп билдирди. Ошол эле учурда ал энесине да чалыптыр. Биз барган учурда энеси келип калды.
Кыз «кайдан тамак ичип, кайда жатып жүрдүң?» деген суроолорубузга «элдерден сурап тамак ичип, ар кайсы көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддеринде, көчөдө жатып жүрдүм» деп жооп берди. «Эмне үчүн үйдөн качасың?» деп сурасак, айтпай койду. Мугалимдеринин айтымында, ал «сабакка кеттим» деп үйүнөн чыгып, бирок сабакка келчү эмес. Апасы ичимдик ичпейт, жетишерлик турмушта жашайт. Кыздын мүнөзү ушундай экен, энеси кызын психиатрга алып барып көрсөтөм деп билдирди. Учурда кыз энесинин колунда.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg