КЫРГЫЗСТАНДЫН №1 РАКЕТКАСЫ КСЕНИЯ ПАЛКИНА

Эгер сиздин Ксения Палкина тууралуу маалыматыңыз болсо, анда сиз кыргыз тенниси жөнүндө баарын билесиз. «Кыргызстандык теннисчи жарым финалга же финалга чыкты» деген жаңылыкты укканда «ким экен?..» деп ойлонбойсуз. Анткени Кыргызстанда теннис боюнча жогорку деңгээлде оюн көрсөткөн бир гана ушул кызыбыз бар. Азырынча.

КСЕНИЯ ПАЛКИНА
Туулган жылы, күнү
– 1989 жыл, 13-декабрь
Туулган жери – Орусия, Хабаровск крайы
Бою – 174 см, салмагы – 66 кг
Учурда – Италиянын Флоренция шаарында жашап, машыгат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан чыгат
Үй-бүлөлүү. Бир кыздын энеси
Жетишкендиктери – ITF`тин (Эл аралык теннис федерациясы) 23 мелдешинде жеңүүчү аталган. Алардын 7өөндө жекеликте, 16сында жуптукта оюн көрсөткөн. WTA (Айымдар теннис ассоциациясы) рейтингиндеги эң жогорку көрсөткүчү 163-орунду ээлеген (2009). WTA`нын учурдагы рейтингинде 382-орунда турат.

КСЕНИЯ ПАЛКИНАНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИ
Акыркы убактарда Ксения көп учурда жуптукта оюн көрсөтүп, ийгилик алып келүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 7-июль күнү Голландиянын Мидделбург шаарында өткөн мелдеште украиналык Вероника Капшай менен жуптукта оюн көрсөтүп, кезектеги жеңишине жеткен. Алсак, жыл жаңыргандан бери Ксения Палкина жуптукта оюн көрсөтүп, төрт эл аралык мелдешти жеңди. Түркиянын Анталия шаарында өткөн 2 мелдешти жана Казакстандын Чымкент шаарында өткөн мелдешти 2 ирет утуп алган эле. Учурда бир орунда тура албаган Ксения Москва шаарында 5-11-август аралыгында өтө турган эл аралык мелдешке катышары маалым болду.

АПАСЫ МАШЫКТЫРУУЧУНУН КЫЗЫ ЖЕҢҮҮЧҮ
Ксения 1996-жылы апасы Марина Палкина жана агасы Никита менен Орусиянын Хабаровск крайынан Бишкекке көчүп келишкен. Бишкекке келгенде эле апасы Ксенияны мэриянын карамагындагы өспүрүмдөр спорт-мектебинин теннис секциясына берип, өзү базарда соода кылууга өткөн. 1997-жылы Ксения машыккан мектептин директору Маринанын мурда 5 жыл теннис боюнча машыктыруучу болгонун билип, жумушка чакырган. Ошентип, 1997-жылдан баштап Ксения апасынын колунда машыгып, ийгилик жарата баштаган.

МЕКЕНЧИЛДИГИН ИШ ЖҮЗҮНДӨ ДАЛИЛДЕЙТ
Ксениянын киндик каны Кыргызстанга тамган эмес. Бирок ал өзү өскөн жерди мекеним деп билет. Ал жаңыдан чоң спортко аралаша баштаган мезгилде кээ бир өлкөлөр Ксенияга түрдүү келишимдерин сунушташкан. Бирок алардан баш тарткан. Келечектен көптү үмүттөндүргөн Ксенияга «эгер өсүүнү кааласаң Кыргызстандан кет» деп кеңеш айткандар да болгон. 15 жашында ал учурдагы машыктыруучусу италиялык Массимо Оргинки менен таанышып, Флоренцияда машыга баштайт. Кыргызстандан кетүүсүнө бул жактагы шарттын жоктугу түрткү болгон. Кышкысын бизде үстү жабык корттордо машыгуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, чет жерде машыгып, Кыргызстандын желеги астында чыгууну чечет. Ал: «Мен мекенчилмин, ар дайым өлкөмдүн желегин желбирете берем»,- деп айткан.

ШАРАПОВАГА ОКШОШТУРУШАТ
Ксениянын ойноо стилин орусиялык Мария Шараповага окшоштурушат. Бул жөнүндө Ксения «күйөрмандар мен теннис майданына чыкканда «Шарапова» деп кыйкырганын угуп калам. Бирок мага Шарапованын ойноо стили жакын эмес. Анткени мага корт үстүндө кожоюндук кылып, атаандашка үстөмдүк көрсөтүп ойногон агрессивдүү теннис жагат» дейт. Айта кетсек, Мария Шарапова көбүнчө коргонуу ыкмасында ойнойт.

ДҮЙНӨНҮН 15-РАКЕТКАСЫН ЖЕҢГЕН
2011-жылдын февраль айында Таиландда өткөн мелдеште дүйнөлүк рейтингде 35-орунда турган казакстандык Сесиль Каратанчеваны, апрелде Италиядагы мелдеште дүйнөнүн 15-ракеткасы болгон орусиялык Елена Бовинаны утуп алган. Бул жеңиши туурасында Палкина «рейтингдеги алдыңкы 50 мыкты теннисчилер менен беттешкен учурда толкунданып, алар менен тең тайлаша оюн көрсөтүүгө аракет кыласың. Эгер ошол атаандаштарды жеңсең, өзүңө болгон ишеним күчөп, машыгуулар текке кетпегенине ыраазы болуп каласың» дейт.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ ЖӨНҮНДӨ
Ксения жеке жашоосун сыр тутат. Маалыматтарга караганда, сүйүктүү адамы да теннис чөйрөсүнөн. Учурда Николь аттуу 1,5 жаштагы кызы бар. Курбулары Ксенияны «бала караганга да, ойногонго да жетишет» деп мактап калышат.

«КЫРГЫЗСТАНДА ТЕННИСКЕ КЫЗЫККАНДАР КӨБӨЙӨТ»
Ксения Палкина: – Кыргызстанда теннис боюнча кандай гана мелдеш болбосун, өспүрүмдөр арасындабы же чеберлер арасындагы мелдешпи эч ким кызыгып да койбойт. Европа өлкөлөрүндө спортко болгон мамиле такыр башкача. Ал жерде жөнөкөй мелдеш болсо да элдер чоң мелдеш өтүп жаткандай жайнап келишет. Кыргызстанда теннис жаңы жайылып баштаган спорт болгондуктан, акырындык менен кызыккандардын саны өсөт деп ишенем.

Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bosmos7
2013-08-12 14:51:09
Кыргызстан учун! Биздин желекти желбиретип жургонуно терен сыймыктанбыз! Келечекте коптогон ийгиликтерге жетише бер! Дуйного таанымал ! Дуйно чемпиону бол! Уй булосуно бакыт каалайбыз! Алга Кыргыз ! Алга!
+1
acer11
2013-08-15 16:55:33
bosmos7, Жакшыго ийгилик сага Ксения,Кыргызстан учун!
+1
kanijanym
2014-01-16 14:21:12
molodes.. uvajenie
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан