БЫЙЫЛКЫ ЖАЙКЫ СЕЗОН ЭЛ ҮМҮТҮН АКТАЙБЫ?

Башка жылдардан айырмаланып, быйылкы жайкы саратанда Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы аз дешет жергиликтүүлөр. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл аба ырайы суук тартып, күн кеч жылыды. Ошондой эле облустагы май айында болгон митингдер да туристтердин көбүн чочулатты.

БЫЙЫЛ КӨЛДӨ ЭС АЛУУЧУЛАР АЗ
Деги эле быйылкы жайкы эс алуу кандай өтүүдө? Жылдагыдан айырмачылыгы эмнеде? Көл жээгинде кызматтык тейлөөлөр кандай деңгээлде? Бул суроолорго жооп издеп курорттук аймактардын чордону болуп саналган Ысык-Көл районунун Бостери айылына бет алдык. Быйыл эс алуучулар аз болду дешкени менен, биз барганда эл көп, көл жээги өз репертуарын толук тартуулап жатыптыр. Бири көлдө чумкуп, экинчиси парашют менен көктө, башкалары туристтерге түркүн кызмат көрсөтүү менен алек. «Жеке үйлөрдөгү эс алуу жайларына күнүнө 100 сомдон 1000ге чейин каражат керектелет» дешти эс алуучулар. Коттедждеги орундар 300 сомдон жогору болсо, пансионаттардын баасы миң сомдон жогору.
Сезон учурунда үйүнө эс алуучуларды киргизип каражат тапкандардын бири, Бостери айылынын тургуну КАНЫШАЙ МАМЫТОВА да былтыркыга караганда быйыл эл аз дейт:
– Жолдошум жок, үч балам студент. Аларды жалгыз бой тарбиялап келем. Жайдын келиши менен үй-бүлөбүз чакан бөлмөгө жашап, калган 6 бөлмөгө эс алуучуларды киргизип, каражат табабыз. Былтыркы жылы күнүнө бир адамга орточо 250 сомдон алсак, быйыл эс алуучулардын саны аз болгондуктан, бир кишиге 100 сомдон жогору акча алып жатабыз. Жатакана, душ, ашкана менен камсыз кылабыз. Он ай бою жайды күтүп, жылына эки ай гана иштеп калабыз.

 


«ОТУЗ ЖЫЛДАН БЕРИ ЖҮГӨРҮ САТАМ»
Жолубузду улай эс алуучулар эң көп жайгашкан пансионаттардын биринин пляжына барып, бул жерде эс алуучулар гана эмес, акча табуунун ар кандай жолдорун тапкандар арбын экенине күбө болдук. Жашынан карысына чейин туристтерге кызмат көрсөтүшөт. Алардын бири 53 жаштагы КАНАТ УРАЗБАКИЕВ буларга токтолду:
Кесибим музыкант, жумушсуздуктун айынан көп жылдар бою базарда соода-сатык менен алек болуп, Орусияга да барып иштеп көрдүм. Акыры мекениме келип, отуз жылдан бери көл жээгин кыдырып, эс алуучуларга чычырканак майын, алма, жүгөрү сатам. Мен жаңы иштеп баштаганда эс алуучулар абдан аз, көл жээкте соода кылгандар бир-экөөбүз эле болчубуз. Убакыт өтүп, сатуучулар көбөйдү.
Көл жээктеги эң кенже сатуучулардын бири 9 жашар Максат. Ал «Мектепке кийим-кечек алууга акча чогултуп жатам. Жүгөрүнү көлгө түшкөндөр жакшы көрүп жешет. Ошондуктан эки жылдан бери сезондо жүгөрү сатып иштейм. Жакшы бышкан, ысык сакталган жүгөрү кардарын табат. Андан көрө жүгөрү алып жеңиз, 20 эле сомдон берем» деп биз менен соодалашууга өттү. Мындан улам Максаттын соода кылууга болгон аракетине баа бердик. Фотоаппаратты көрүп «сүрөткө тартпаңыз, апам урушат» деп макул болбоду.

«ЖЫЛ САЙЫН ЖАҢЫ НЕРСЕ ТАРТУУЛООГО АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ»
Эс алуучуларга төө, бүркүт менен сүрөткө түшүү кызматын көрсөткөн сүрөтчү ТААЛАЙБЕК ШЕРМАТОВ:
– Быйыл эс алуучулардын саны аз. Мунун бирден-бир себеби Жети-Өгүз тополоңунун таасири болду. Интернет булактарына «Көлдө согуш болуп жатат» деген маалымат тарап кетиптир. Казакстандагы кайнилерим телефон чалып, «Жезде, согушуп жатасыңарбы?» деп сурашты. Бир жыл бою жергиликтүүлөрдүн күткөнү жайкы сезон болуп, чоңунан кичинесине чейин акча табуунун жолун издешет. Мисалы, балдарым, инимдин балдары болуп бир үйдөн жети киши иштейбиз. Чоңубуз сүрөткө тартсак, кичинебиз тамак-аш сатып, дагы бирибиз кайыктарды ижарага беребиз. 30 жылдан бери эс алуучуларды төө жетелеп сүрөткө тартып иштейм.

Эс алуучуларды өзүнө тарткан дагы бир кызмат – банан, скутерлер. Аларды иштеткен АБАЙ ТӨЛӨГӨН УУЛУ:
– Скутер, банан, катерлерди ижарага берип иштегениме 5 жыл болду. Скутердин 5 мүнөтү 500 сом, банан жети кишилик, ар бир кишиге 150 сомдон акы алып тейлейбиз. Көбүнчө кайыктарга орус, казак улутундагылар кызыгып түшүшөт. Бананды 5 жыл мурун Казакстандан сатып келгем. Бузулбай, жакшы иштөөдө. Келген эс алуучуларга жакшы шарт түзүп, жыл сайын жаңы нерсе тартуулоого аракет кылабыз.

Бул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү санай берсек түрү көп. Квадроцикл, парашют жана башкалар. Өз алдынча иштегендерден айырмаланып, атайын туристтерди тейлөөчү фирмалар дагы жол боюнда шурудай тизилет. ЭЛНУРА МОКЕНОВА, туристтик фирманын кызматкери:
– Биздин фирмада 10 турагент, 4 гид эс алуучуларга кызмат көрсөтөбүз. Турагенттер эс алуучуларга маалымат берип, аларды эс алууга үндөсөк, гиддер туристтерди экскурсияга чыгарышат. Ар бир адамдын тандоосуна жараша Жети-Өгүз тоосу, туздуу көл, шаркыратмалар, балык кармоо, теплоходго түшүрүү жана башка облустагы кызыктуу жерлерди көрсөтөбүз. Бир күндүк турларга облусту тегеренип чыгуу үчүн киши башына 2000 сом, жарым күндүк эс алуунун баасы 1000 сом, теплоходго түшүү 400 сом болсо, балык уулоого келишимдик негизде акча алабыз. Орто эсеп менен күнүнө 10-15 турист тейлейбиз.

«ЫСЫК-КӨЛ КООЗ, КЕРЕМЕТ ЖЕР ЭКЕН»
Жергиликтүүлөрдүн сөздөрүн угуп, эми чет элдик айрым эс алуучуларга кайрылдык.
Сибирден келген АЛЕКСЕЙ ШЕВНИКОВ:
– Эс алуу тууралуу ойлонуп жатканыбызда тааныштарыбыздын көбү «Ысык-Көлгө баргыла» деп сунушташты. Ошентип, үй-бүлөбүз менен эс алууга келгенбиз. Өзгөчө тоолор, көл абдан кооз, керемет экен. Балдарыбыздын эс алуусу дагы ойдогудай өтүп, кереметтүү нерселерге күбө болуудабыз. Буюрса, эмки жылы дагы эч ойлонбостон бул жакка келебиз.

Алтайлык ЮРИЙ ГЛОГОВ:
– Досторум Ысык-Көлгө келип 4 жылдан бери эс алышат. Быйыл мен да аларга кошулуп келдим. Көл жээгинде жөн гана отуруу мыкты эс алуу тартуулайт экен. Баары жагып жатат. Алтайлык жердештериме сөзсүз айтып барам.

Дагы бир эс алуучу НАЗИРА АЙЫМ, Казакстандын Чымкент шаарынан:
– 3 жылдан бери эс алуу үчүн Ысык-Көлгө келем. Ар жыл сайын көл жакшы жагына өзгөрүүдө. Күн жылуу, көл таза, айланаңда жакындарың, мындай эс алуу кимге жакпасын?! Казакстанга салыштырмалуу тамак-аштар дагы арзан. Жеке эле көлгө түшө бербестен, Жети-Өгүз тоосуна дагы барып келдик.

Эс алуучулардын мындай ыраазы сөздөрүн угуп, өлкөбүздүн кооздугуна дагы бир ирет суктанып аласың... Туристтик фирмалар, ошондой эле Көлдүн тургундары Кыргызстанда саясий туруктуулук болуп турса, быйылкы сезондун аягына чейин туристтердин агымы күч алат деп үмүт артышууда.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛГАНЫҢЫЗДА ТЕЙЛӨӨ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРДЫБЫ?

Ислам Сейит уулу, Талас облусу:
– Быйыл үй-бүлөбүз менен Көлгө барып эс алып келдик. Мага баары жакты. Тейлөө мени канааттандырды. Байкашымча, бардык жагынан алдыга жылуу бар, жылдан жылга жакшырып келе жатат. Негизи, Ысык-Көл бир керемет жай да. Мындан ары да өнүктүрсө, анда бул биздин жетишкендик деп ойлойм.

Смабүү Жуманазарова, Жалал-Абад облусу:
– Жайдын аптабында жыл сайын Ысык-Көлгө барып эс алам. Быйыл да жолдошум, 2 кызым менен Көлдүн «Ала-Тоо» пансионатына барып эс алдык. Тейлөө мени канааттандырды, жаман эмес. Бирок мындан да жакшы шарттарды түзүп туристтердин санын өстүрүүгө болот.

Сейтмурат Анаркулов, Баткен облусу:
«Көрпөңө карап бутуңду сун» дегендей эле, Ысык-Көлдө деле сервис акчаңа жараша. Арзан үйгө же бардык шарты бар мейманканага жайгашсаң болот. Аны сенин капчыгың чечет. Бирок кыргыздар өзүбүз ичип-жеп, калдыктарын ошол жерге таштап салабыз. Ал эми чет өлкөдөн келген туристтер калдыктарын баштыкка салып таштанды таштоочу жайларга ташташат. Бизге караганда алар берметибизди көбүрөөк сыйлашат.

Нуриза Сабыржанова, Бишкек шаары:
– Ооба, канааттандырарлык эле. Ар бир пансионаттын абалы бирдей эмес да. Андыктан тейлөөсү пансионаттын бюджетине, кардарлар төлөгөн акчага жараша деп ойлойм. Кымбат пансионаттардын, албетте, тейлөөсү, абалы жакшы.

Жакшылык Бердибек уулу, Бишкек шаары:
– Ысык-Көлдө экологиялык тазалык сакталбайт, көлдүн тазалыгына такыр эле көңүл бурулбайт. Ал эми тейлөө жагынан ар кайсы пансионат ар кандай. Бирок мамлекеттик текшерүү жокко эсе болгондуктан, каалаганындай тейлешет. Салыкты көбөйтпөй, экологиялык, санитардык жана башка жактарын текшерсе жакшы болмок.

Альбина Эсенбекова, Нарын облусу:
– Жылдагыга караганда быйыл жакшырып калгандай. Көл жээктеринен алыс эмес жерлерге дааратканаларды көбүрөөк коюп коюшса жакшы болмок. Анан эс алуучулар өздөрүн маданияттуу алып жүрүшпөй, жээкти тамак-аштын калдыктары жана башка таштандылар менен булгагандары өкүндүрдү.

Тегизбек Сейдакматов, Бишкек шаары:
– Жок, канааттандырбайт. Көпчүлүк пансионаттарда кардарлар жата турган бөлмөлөрдүн ичин таза кармашпайт. Тамагы да начар. Анысы аз келгенсип, жээктеги кумда тамекинин калдыктары, бөтөлкөнүн сыныктары, таштандылар көп.

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Clara_Zh
2013-08-14 13:09:10
Скутери эмне мынча кымбат? 5мин 500сом, же анысына бироо тушсочу, оздору эле эртеден кечке дырылдатып жарышып журушот экен. Баасын арзаныраак кылып койсо коп эле адам тушмок
+1
talantbektegin
2013-08-14 21:04:30
Мусор туалет акыр чикир болуп атат,ажаткана жок эс алуучулар ба дарактарды аралап журушот,мен тулпар Лотосто кундо ошол жактамын,абдан жаман болом коруп алып,ар бир пансионат же пляжды иштеткендер туалетти жасап койсо тазалык болот эле,
+1
ROUSE
2013-08-18 10:37:52
кол жээгин кыдырып соода кылгандарга ашып кетсе 20 жыл эле болду го.
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан