Жогорку Сот «ата журтчу» депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча күнөөлүү деп таап, Бишкек шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарды. Муну менен аталган үчөө депутаттык мандатынан ажырай турганы анык болду.
Эскерте кетсек, алгачкы инстанция үч депутатты 1-1,5 жылга эркинен ажыратып, Бишкек шаардык соту аларды бардык пункттар боюнча актаган эле. УКМКнын СИЗОсунда кармалган ар бир күн эки күн деп эсептелингендиктен, бул иш боюнча айыптуу деп табылгандар эркиндикте калышты.
«Депутаттарга карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө киришине карап, Боршайком 30 күндүн ичинде кезексиз жыйынга чогулат. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайбыз»,- деди БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Жогорку Сот соңку инстанция болуп саналгандыктан, ал чыгарган чечимдер кайра каралбайт.
Жогорудагы үч депутат мандаттарынан ажырай турган болсо, «Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча кезекте Бишкектин экс-вице-мэри Валерий Корниенко депутат болуп келиши керек эле. Бирок ал 29-июль күнү Нариман Түлеев менен биргеликте коррупцияга айыпталып 10 жылга соттолгон. Андан кийин тизмеде Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков, Бакыт Шаршеев турат.
Камчыбек Ташиев камакта жаткан убакта «Ата Журт» фракциясынын лидерлигин Мыктыбек Абдылдаев аткара баштаган. Бирок көшөгө артында оюндарды ким жасаары белгилүү да. Ошентип, «Ата Журт» фракциясы Ахматбек Келдибековдун колунда калды.
Эльвира Караева
politika@super.kg