Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Таластагы Көк-Сай окуясы боюнча кооптонууга негиз жок дейт.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын делимитациялоо иштери 1998-жылы башталып, үч жылдан кийин аяктаган. 2008-жылы «Ак жол» партиясынан куралган Жогорку Кеңеш чек ара маселесин ратификациядан өткөрүп, атайын мыйзам кабыл алган.
«Бул мыйзамдын экинчи пунктунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө тапшырма берилген. Келишим күчүнө киргенден кийин Казакстандын өкмөтүнө «Кара-Буура районундагы Көк-Сай айыл аймагы жана Бишкек-Торугарт айланма жолу боюнча өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап көргүлө» деп кайрылышкан. Делимитация иштери боюнча алып караганда, Көк-Сай тилкеси Кыргызстанга кирип калган, үч бурчтук формасындагы 4-4,5 миң гектардай жер. Ошол жерлерде азыр демаркация иштери жүрүп жатат. Ал делимитациянын негизинде жүрөт»,- дейт Курбанбай мырза.
Өкмөттүн атайын өкүлү өкмөттүн тапшырмасы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, 2600 гектар жерди 2600 гектар жерге алмаштырууга макулдашышканын айтат. Алмашылган жерде үлүш жери калып кеткенин айтып, жергиликтүү айрым тургундар нааразы болуп чыгышты. «Мындан улам мурдагы, 2001-жылкы вариант боюнча эле калтырып коёлу деп, кийинки алмашууларды жокко чыгаруу боюнча Казакстанга кайрылдык. Казакстан тарап дагы муну түшүнүү менен кабыл алып, өкмөтүнө билдиребиз дешти. Азыр тынчсызданууга негиз жок. 2001-жылкы келишим боюнча чек ара кандай болсо, ошол бойдон калды»,- деп Курбанбай Искандаров кебин жыйынтыктады.
Эльвира Караева
politika@super.kg