Күйүүчү май жана тетиктердин жетишсиздигинен өлкө ичиндеги 41 ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ машина нөөмөттөн алынды.
Өкмөт аткаруу бийлик органдарындагы статс-катчылыкка талапкерлерди КАЛП ТАПКЫЧТАН өткөрүүнү мыйзамдуу түрдө киргизүүнү сунуштоодо.
Жарандарга укук коргоо органдарына кызматка кирүү үчүн сөзсүз түрдө АСКЕРДИК КЫЗМАТТАН өтүшү керек болот. Өлкө башчысы бул мыйзамга 7-августта кол койду.
2010-2012-жылдар аралыгында өлкөдөгү балдар үйлөрүнө 271 БАЛА жайгаштырылган, алардын энелеринин 70 пайызы турмушка чыга электер болгон. Ташталган балдардын көбү Ош, Бишкек жана Москва шаарларында төрөлгөн.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, август айынын ичинде 22 ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН курулушу аягына чыгуусу керек.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН жабыркоочуларына үй курган «Ансар Трейд» жана «Плутон Строй» ЖЧКларына салык мыйзамын бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду.
Мамлекеттик каттоо кызматына күн сайын жарандардан ID-карта алууга 5 МИҢГЕ жакын арыз келип түшөт.
Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Айбек Азыранкулов башка жумушка которулгандыгына байланыштуу анын ордуна Бажы кызматынын мурунку төрагасы КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ дайындалды.
Түркиянын борбору Анкара шаарында КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЙҮ ачылды.
2-август күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында белгисиз кишилер жергиликтүү кеңештин депутаты ЧЫНАРКҮЛ МОЛДОШЕВАГА ок чыгарышты. Учурда жаракат алган эл өкүлүнүн абалы туруктуу.
Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардагы №25-ОРТО МЕКТЕПТИН учурдагы абалы авариялык деңгээлге жеткендигине байланыштуу имарат буздурулушу мүмкүн экендигин айтты.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан АЙБАНАТТАР БАГЫ темгилдүү чаарчык, пони жана эки каман менен толукталды.
Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга жаратылыш газын ташуу боюнча 21 МИЛЛИОН ДОЛЛАР карыз, ал эми өлкө ичиндеги көгүлтүр оттун керектөөчүлөрүнүн «Кыргызгаз» ААКсынын алдында 6 миллион доллар бересеси бар.
Кыргызстандын туңгуч президенти АСКАР АКАЕВ орусиялык басылмалардын бирине: «2005-жылы өлкө көтөрүлүп келе жаткан болчу. «Түстүү революция» болсо, америкалыктар тарабынан уюштурулган. Мени эл кууган эмес»,- деп маек берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.