Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Канатбек Муратбеков «Супер-Инфо» гезитинин www.super.kg расмий порталында жүргүзүлгөн сурамжылоодо колдонуучулардын чоң колдоосуна ээ болду. «Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн кимисинин ишин канааттандырарлык деп баалайсыз?» деген сурамжылоо боюнча Канатбек мырза эң көп добуш топтой алды.
Нарын губернаторунун досьесине үңүлсөк, Муратбеков Канатбек Камбарбекович 43 жашта. Ал эсепчилик жана бажы иши боюнча адистиктерине ээ. Эмгек тажрыйбасын жеке ишкердик менен баштап, губернаторлук кызматка 2011-жылдын 15-февралында дайындалган. Уккан-көргөн булактарыбызга таянсак, Канатбек мырза жергиликтүү калк арасында абройлуу жана карапайым мүнөздөгү киши. Ишине көбүнесе кызматтык унаасында эмес, көчөлөрдү аралай жөө басып келгенин эшитип калган жайыбыз бар.
Облус башчыларынын мыктысын аныктаган соң эстафета шаар башчыларына өтөт. 12-августтан тарта жети мэрдин атак-даңкы менен төккөн теринин мээнети таразага коюлмакчы. Андыктан мыкты мэр үчүн добуш берем десеңиз, www.super.kg порталындагы сурамжылоого баш багыңыз.
Эльвира Караева
politika@super.kg