Студенттик кезден өткөн соң ал күндөргө кайра бара албашыбыз анык. Бирок китепти баш көтөрбөй окуу, кызыктуу окуяларды эстөө менен артка бир кылчайып алууга болот. Атактуулар да артта калган студенттик күндөрүнө саякат жасап, баян куруп беришти.
Арзыбек Бедияров:«ОН БӨТӨЛКӨ ШАРАПКА УТУЛГАМ»
– 1973-жыл. Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайында 2-курста окуп жаткан убагым. Группалаш балдар менен облустук ооруканага практикага жөнөп калдык. Тайыр деген жигит экөөбүз жанаша баратканбыз. Бизди көздөй бир кыз келе жаткан. Тайыр жөн турбай «Жаныбызга келгенде бетинен өпсөм, шарап алып бересиңби?» деди. Аны мындайга бара албайт деп ойлоп, макул болдум. Бир убакта тиги кыз биздин тушубузга келгенде группалашым аны кучактап туруп жүзүнөн эмес, оозунан өөп, 5 секунддай туруп алса болобу! Баарыбыз кыраан-каткы түштүк. Байкуш кыз эч нерсеге түшүнбөй оозун ачып эле туруп калды. Биз бир топ узаганда гана эсине келип, ызырынып ыйлап, Тайырды сөккөн боюнча кала берди.
Ошентип 10 бөтөлкө шарапка утулгам. Муну эстегенде «жаш кезде ойлонбой жасалган иш» деп бирде өкүнсөм, бирде ууртумда жылмаюу пайда болот.
Эльзар Өскөнбаева:«КОШУНАБЫЗДЫН КИЙИМИНЕ ЖАРМА ТӨГҮП...»
– Искусство институтунун жатаканасында 4 кыз болуп жашачубуз. Төртөөбүз тең нарындык болгондуктан, дайыма жарма жасап иччүбүз. Жатаканада «бөлмөдө электр плитасын колдонууга болбойт» деген талап бар эле. Биз ага болбой балконго чыгарып алып жашырынып колдончубуз. Ошондой күндөрдүн биринде кайнап жаткан жармабызды аралаштырбай койгон экенбиз, ташып кетип жатпайбы. Биз 3-кабатта турчубуз. Ылдыйкы кабатта жашаган эже кийимдерин жаңы эле жууп жайып койгон экен, анысы балжырап эле жатып калды. Балконго төгүлгөн жарманы жууп, шек алдырбай отуруп калдык. Бир маалда кошунабыз кыйкырып кирип келди. «Эже, биз көптөн бери жарма жасай элекпиз» деп аны ишендирип жатсак, казанды жууганы кеткен курбум келип «кечирип коюңузчу, экинчи кайталанбайт» деп калпыбызды чыгарган.
Дилшат Кангелдиева:«ОКУУ ЖАЙДАН КУУЛУП КАЛА ЖАЗДАГАМ»
– Студенттик күндөрүм жатаканадагы кызыктар менен коштолду. Чогуу жашаган группалашым абдан шок кыз эле. Бир күнү ал сабактан келип, бөлмөбүздө антеннасы жок эски радиобуз бар болчу, ошону иштетем деп калды. «Коридордо узун зым турат, бөлмөгө киргизип, радиого улайм» деп болбойт. Ошондо коркконумду айтпа, «токко урунса эмне болот...» деп. Зымды киргизип, радиого улады же аныбыз иштесечи?!
Бир топ убакыт өткөндөн кийин жатакана ызы-чуу түшүп эле калды. Бөлмөдөн атып чыксак, комендант менен ректор ачууланып келатышат. Көрсө, ал зым жатаканадагы телефондордуку экен да. Биздин жоругубуздун айынан байланыш үзүлүп, ректор эмне болгонун териштиргени келиптир. Мен группанын старостасы элем, түшүндүрүп жатсам, «Кангелдиева, тыкылдаба. Эртеңден баштап окуу жайдан сени көрбөйүн» деп мени өчүргөн. Бирок алдыңкы студенттердин бири болгондуктан, кайра «окууңду улант» деп уруксат берген.
Камчы Сарыбаев:«АВТОБУСТУ ӨРТТӨП САЛА ЖАЗДАГАМ»
– Бир жолу группалаштар чогулуп туулган күнгө бармай болдук. Чөнтөгүбүздө бир тыйыныбыз жок, акчабыздын баарына белек-бечкек алып койгонбуз. Ал убакта шаарда чоң сары автобустар каттачу, студенттик билет менен 1 сом төлөчүбүз. Кечки саат 10дор чамасында баягы автобуска түшүп туулган күн ээсинин үйүн көздөй жөнөдүк. «Жол кире жок эмне кылабыз?» деп бири-бирибиз менен шыбырашып, коркуп баратабыз. Түшө турган аялдамага да жакындап калдык. Андайда жөн отура албаган жаным тынчсыздана баштадым. Анан группалашымдын бет аарчысына помадасынан сүйкөп, ширеңке менен күйгүзүп, автобустун артына ыргытып койдум. Бет аарчы түтөй баштаган кезде айдоочуга «автобус өрттөнүп жатат» деп калп эле кыйкырып кирсек, ал чочуп кетип эшиктердин баарын ачып салып жатпайбы. Анан баарыбыз тапырап түшүп, качып кеткенбиз. Байкуш айдоочу муштумун түйүп, кыйкырган бойдон кала берген.
Алишер Тоотаев:«КОНДУКТОРДУ АЛДАП, АКЧА ӨНДҮРГӨНБҮЗ»
– Ош шаарында Ниязалы атындагы Музыкалык окуу жайда билим алгам. Досум экөөбүз экзаменден жаңы эле чыкканбыз, курсагыбыз ачка. Бир нерсе сатып жейли десек, чөнтөктө жел ойнойт. Досум бардан жок кылган шуулдаган жигит болчу. «Жүрү, базарга барып курсак тойгузуп келели» деди. Мен таң калып «аа, менден каткан акчасы бар окшойт» деп ойлоп, ээрчип алдым. Экөөбүз троллейбуска отурдук. Ал кезде жол кире 2 сом болчу. Бир маалда кондуктор жаныбызга келип «ну-ка, ребята, билет возьмите» десе, досум кебелбей туруп «биз жаңы эле 100 сом бербедикпи» деп койду. Кондуктор билбей калдыбы, үн катпай эле бизге 96 сом кайрып берип койду. Мен болсо коркконумдан көзүм алайып эле отуруп бериптирмин. «Калп айтып жатат» десем деле болмок экен, азыр ойлосом. Ошентип, досумдун «табышкерлигинен» экөөбүздүн эле эмес, группадагы балдардын баарынын курсагы тойгон.
Султан Садыралиев:«ДОС КЫЗДАРГА УЯТ БОЛГОМ»
– Студенттик күндөрүм кызыктуу окуяларга бай өттү. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 2-курста окуп жаткан кезим болчу. Жатаканада Мирбек Иманбеков экөөбүз жашачу элек. Сабакты окуганга да, достор менен көңүл ачканга да жетишчүбүз. Күндөрдүн биринде Мирбек экөөбүз дос кыздарды конокко чакырдык. Аларды ээрчитип алып кудуңдап жатаканага кирип баратсак, вахтёрша киргизбей койду. Анткени кыздар башка университетте окушчу. Бөлмөбүз 2-кабатта болгондуктан, ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, акыры балкондон киргизмей болдук. Оюбуз ишке ашты. Бирок вахтёрша бизди көрүп калганбы же бирөө айтып койгонбу, бөлмөбүзгө ачуулана кирип келип эле бизди урушуп, кыздарды «Уятыңар жок!» деп сөгүп, чакадагы бир жумадан бери чогулган таштандыны баштарынан ылдый төгүп, кууп чыккан. Кыздар бизге аябай таарынышты. Биз болсо алардын көңүлүн алуу үчүн шоколад алып берип, түнү бою сыртта жүргөнбүз.
Асел Асанова
star@super.kg