Келинчегинин көз жарышын чыдамсыздык менен күтүп жүргөн Мирлан Баековдун кубанычында чек жок. Анткени 2-август күнү ырчынын тун наристеси жарыкка келди. «Ата болуу бир башкача сезим турбайбы. Бир орунда тура албай, ары-бери эле басып калат экенсиң. Албетте, жакшылыгымды жакындарым, досторум менен бөлүштүм. Спирт ичимдиктерин ичпегендигиме байланыштуу суусундук, чай менен жуудум»,- дейт кубанычы коюнуна батпаган
Мирлан.