Гүлзада Рыскулованын акыркы учурда бир буту Кыргызстанда, бир буту чет жерде болуп калды. Дегенибиз, ал Түштүк Кореяга эл аралык китеп фестивалына чакыруу алып, конок катары сапар тартканы турат. Ырчынын айтымында, мындан үч жыл мурун мекенибизде өткөн фестивалдардын биринде Гүлзаданын үнүн Кореядан келген жазуучу жактырып калган. Жазуучунун чакыруусу менен чет жерге аттанганы жаткан Гүлзада жандуу үнү менен корейлердин жүрөгүн багындырат деген ишеничтебиз.