«Ааламга жол айылдан башталат» деген кыргыздын таасын айтылган сөзү бар. Нурлан Насип да мектепти бүтүп борборго аттанганда алдына чоң максаттарды койгон экен. Биринчиси, атактуу болуу, экинчиси, темир тулпар алуу, үчүнчүсү, үйлүү болуу. Эки тилегин орундаткан ырчы минтип үчүнчүсүн багынтып, баш калаадагы «Кудайберген» базары жактан 2 бөлмөлүү батирге ээ болуп отурат. Ал эми 4-орунга калып кеткен тилеги айтпасак да белгилүү эмеспи. Ал – ак жоолук. Чынында, үйдү жыйнап турууга жакшы бир келинчек керек. Эми ал күн деле алыс эместир.