Аталган фестивалдын уюштуруучуларынын бири, өзүн “олуя музыкант” сезген Жамила Муратованын “Кыз-Бурактын” солисткасы А.Кабыловага жөнсүз асылган сөздөрү ушул макаланы жазууга мени аргасыз кылды. Көрө албастыктын, бут тоскондуктун, ичи тардыктын да чеги болот. Бул жашоодо баарынан бийик, баарынан жогору бул адамгерчилик, чындык, тазалык, калыстык экендигин Жамила билип алса болмок. “Айкол жазы” фестивалынын конкурсанты Мирбек Атабековдун берген баасы, сындары, дооматтары карандай чындык. Лауреаттарга берилген белектер Жамила айткандай Япония магнитофону эмес, баягы эле Кытайдыкы экендигин көзүбүз менен көрбөдүкпү! Ар күнү 100 сомдон билет сатылып, ар күнү 2000ден ашык адам кирип, 3 күн катары менен өткөрүлгөн фестиваль-концерттен түшкөн болжол менен 600 миң сом каражатка бир эмес, үч машина коюп, лауреаттарга жок дегенде 10000 (он миң) сомдон колдоруна карматышса адилеттик болмок. Күндө кой жеп, арак ичип көлдүн жээгиндеги “Айкол” үрөнчүлүк чарбасынын дачасында жашаган калыстар тобу жомоктогудай жыргал учурлардан колдору бошобой элдин, конкурсанттардын нааразылык пикирлерин укпай калышы мүмкүн, бирок, чындыкты капка ката албайсың да! Баса, эл аралык фестивалдын талаптарын одоно бузуп, конкурска уулу Азиз Жетигенов катышкан Алина Жетигенова да калыстар менен кошо жашап, кошо чардап ага 2-орунду алып берүүгө жетишкендигин да жашыра албайбыз! Мен эстрада дүйнөсүнө 36 жылдан бери аралашып, бул өнөрдүн ысык-суугуна бышып, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстанда өткөн 10го жакын эл аралык фестивалдарда калыстар тобунун мүчөсү, 4 фестивалда калыстар тобунун төрайымы болуп катышып, автордук 5 фестивалды өткөргөн адам катары “Айкол жазы-2006нын” кемчиликтерин, акыйкатсыздыктарын айтпай койгонум туура болбос. Биринчиден, эл аралык фестивалды уюштуруп өткөрүү үчүн кеминде 4-5 өлкөдөн конкурсанттар катышуусу зарыл болчу. Экинчиден, АКШдабы, Англиядабы, Кытайдабы, кайсы жерде конкурс өткөрүлбөсүн, конкурска чакырылгандардын тамак-аш, жатакана чыгымдарын чакырган тарап көтөрөт. Үчүнчүдөн, конкурска катышкандарга жетиштүү шарттар түзүлүш керек. Мисалы, ыңгайлуу жатакана, сапаттуу үн күчөткүч аппаратура, сапаттуу жарык берүү, калыстардын сахнадан 20-30 метр аралыкта туура жайгашышы, унаалардын уюштурулушу жана башка ушул сыяктуу. Стадионго коюлган начар үндүү аппаратура конкурсанттарды кыйнап койгону жалган эмес. Конкурстун шарттарында жазылган таза вокал, артисттүүлүк, костюм, сырткы көрүнүш, кыймылдуулук, чыгарманын оригиналдуулугу деген критерийлердин бирин да көрбөй, укпай 100 метр алыста отуруп алышкан калыстар тобу конкурсанттарга кантип баа бергендиги күлкүңдү келтирет. Кабылова Айжамалды биринчи күнү фонограмма менен ырдады деп жалган жерден каралап, 2-турга өткөрбөгөнгө аракеттенген Жамила Муратовага жамандыгыбыз деле өткөн эмес эле, жаңыдан өсүп келе жаткан таланттуу кыз эмнеси менен жакпай калгандыгы табышмак.
Экинчи күнү аппаратурада отургандар микрофондун үнүн бир көтөрүп, кайра азайтып Айжамал ырдап жатканда анын нервине ойногондугун көздөрү менен көрүп, кулагы менен уккандарды кайсы жакка катабыз?! Фонограммасыз ырдай албаган кээ бир чоң ырчыларга окшоп коркуп-үркпөстөн сахнада бир топ такшалып, өз үнү менен ырдап жүргөн Кабылованын чыдамы кетип, операторго нааразы болгону чын! “Эски ырларды ырдады, аны ырдабаш керек эле” деп Жамила Муратованын дөөдүрөгөн сыны “Айкол жазы” фестивалынын жобосунда жазылбагандыктан, кайсы жылда чыккан ырды ырдоо Кабылованын эркинде болчу. Анын ырдаганынан кемтик таба албаган Жамила “эски ыр ырдады” деп күнөөлөп Айжамалды байгелүү сыйлыктарга жакындатпагандыгын көз-көрүнөө бут тоскондук деп билдик.
Казак ырчылардын калыстарга кандай нааразы болуп сүйлөгөн сөздөрүн уккандар калыстар тобунун өздөрүнө айтып барышкандыр. “Жаш ырчылардын кээ бирлери нааразы болуп жатышат, көңүлдөрүн көтөрүп койбойлубу” десем “Мен принципиалдуу, таза, көз боёмочулукту жек көргөн адам катары андайга бара албайм” деп жанын жеген Замир Мукашев уялбай-этпей эле зомбулугуна салып Гран Прини, биринчи орунду бөлүштүрүүдө калыстарга кандай кысым, басым көрсөткөндүгүн, андан сырткары калыстар мүчөлөрүнүн ар биринин сүйрөгөн “конкурсанты” бар экендигин калыстар тобунун төрагасы Саламатов Тимур мобилдик телефонунан чыгып мага айтып жатканда мен атайын сотканын үнүн көтөрүп, биз менен көлдүн жээгинде эс алып отургандарга угузганымда баары күлүп баш чайкап: “бул фестиваль кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн гана өткөрүлүп жаткан турбайбы” деп шылдыңдай каткырышты. Төраганын айтымында, калыстар кеңешмесин Жамила Муратова бийлеп, көп сыйлыктар анын айтуусу менен бөлүштүрүлгөндүгү “Айкол жазы-2006” фестивалынын бетине түшкөн кара так деп ойлоймун. Ырдоо техникасы төмөн, аткаруучулук дарамети өсө элек, өнөр дүйнөсүнө жаңыдан аяк таштаган “Жума” тобуна Гран При сыйлыгын, аранжировщик Эрик Кадырбаев даярдап келген (баса, ал да калыстар тобунун мүчөсү) өмүрү сахнага чыкпаган, такшалбаган, ырдоонун жол жобосун биле элек Нурлан Мааданбековдун 1-орунду алышы “Айкол жазы-2006” фестивалынын олуттуу кемчилиги жана одоно кетирген катачылыгы. Ушундай маскарачылыктардан соң, кийинки жылы бул фестивалдан көңүлү калган жаш эстрада ырчыларынын катышпастыгы турган кеп. Ал эми сахнада баскан-турганды жакшы билбеген, ырдын тональностуна жакшы түшүп ырдай албаган, вокалдык деңгээли ортозаар, бирок, 2-орунду алган Силима аттуу кыз Жамиланын “жетелеген кадры” экендигин биринчи күнү эле укканбыз!
Өздөрүн Кудайдай сезип “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген фестивалдын уюштуруучулары бир да артисттен уруксат сурабай афиша чыгарып, Каракол шаарынын стадионуна концерт уюштуруп, концертке кирген 10000 (он миң) адамга 60 (алтымыш) сомдон билет сатышкан. Түшкөн пайданы биргелешип “туйтунган” Жамила Муратованы, Замир Мукашевди сотко берип, моралдык, материалдык зыян өндүрүп алганга кудуретибиз жетмек. Бирок, жыртык-тешиктерин бүтөп алсын деп аядык.
Сыйлыкка деп коюлган эски машинадан, арзыбаган кытайдын магнитофондорунан жана сатылып кеткен “сапатсыз” орундардан, жеке концертин койгондо бир да адам басып келбей уят болгон Жамила Муратовадай ырчылардан зал толо көрүүчүлөрдүн жарпын жазып, чаалыкпай ырдап, дүркүрөгөн кол чабууларга арзыган популярдуу жаш ырчылар бир топ өйдө тураарын айтып койгонум оң!
Гүлшайыр Садыбакасова КРнын эмгек сиңирген артисти