Көпчүлүк айымдар эркектерде бир эле эрогендик зона бар деп билишет. Билинбеген менен мырзалардын денесинде бир нече эрогендик зона жайгашкан. Аларды табуу аркылуу ар бир аял төшөктө өз максатына жете алары талашсыз.
БАШ ЖАНА МЭЭ
Милдетиңиз: Мактоо
Эркектин мээси менен жыныс мүчөсү бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Мээ «бой көтөрсө», анда «алигинин» ишинин бүткөнү дей бериңиз. Анткени мээ гана ага химиялык процесстерди жөнөтүп, иштете алат экен. Андыктан сүйүктүүңүзгө комплименттерди айтып, жакшы сөздөрдү арноону унутпаңыз. Ошондо гана мээ жыныс мүчөгө буйрук бере алат.
ЭМЧЕК
Милдетиңиз: Сылоо
Эмчек айымдардын гана эрогендик зонасы деп ойлосоңуз, анда чоң жаңылышасыз. Анткени мырзаларды да бул дене мүчөсү аркылуу төшөккө чакырууга болот. Муну өз практикаңызда текшерип көрүңүз. Ал үчүн тилиңиздин же манжаңыздын учу менен үрпүн сылаңыз. Албетте, ал партизандай унчукпай жата бериши мүмкүн. Өнөктөшүңүзгө бул ыкманын жагар-жакпасын үрпүнүн түсүнөн, анын бозоруп чыкканынан билип алсаңыз болот. Эгер бул ыкма таасирдүү болсун десеңиз, үрпүнө кошуп курсагын, желкесин да сылоону унутпаңыз.
ДАЛЫ
Милдетиңиз: Ныгыра басуу
Тобо, эркектер айымдардын тытканынан да ырахат алышат экен. Албетте, бетин эмес, далысын тыттыргандан. Тытуу бул – канжалатуу эмес. Сүйүктүүңүздүн далысын, ийинин ныгыра кармап, тыткандай түр көрсөтүңүз. Мындан сырткары анын далысын алгач муз менен сүртүп, андан кийин өпсөңүз да болот. Мындай контрасттык температура терини сезгич кылып, кан айланууну жакшыртып, эрекциясын чыңдайт.
БУТ
Милдетиңиз: Укалоо
Бекеринен тай кыздары мыкты ойнош болушат деп айтышпаса керек. Дегеним, алар ойношторун төшөккө таманына массаж жасоо менен тарта билишет. Көрсө, таманда биз билбеген менен 72 нерв системинин бүткөн жерлери жайгашкан. Андыктан сүйүктүүңүздүн таманына массаж жасап, төшөккө чакырыңыз. Ал үчүн алдын ала крем же жыпар жыттуу майлардан (жасмин, розмарин) камдап алыңыз. Алгач майды алаканыңызга куюп, таманын укалаңыз. Мындай массаж экөөңүздөргө тең ырахат тартуулайт.
КУЛАК, МОЮН
Милдетиңиз: Өбүү
Сүйүктүүңүздү кумар көлүнө чөктүргүңүз келсе, кулак, моюнунан өпкөндү унутпаңыз. Акырын тилдин учун мырзаңыздын кулагынын учуна тийгизип, манжаларыңыздын учу менен моюнун аяр сылаңыз. Окумуштуулардын айтуусунда, жай, кумарлуу өбүшүү миңдеген өлгөн гормондорду тирилтет. Анан да 20 секунддан турган эртең мененки үч жолку өбүшүү бир күндүк романтикалык маанай тартуулайт. Эскертүү! Өбөрдөн мурда өнөктөшүңүздү чакан kiss-тесттен өткөрүп алыңыз. Анткени айрым эркектер кулагынын ичинен өпкөндү жактыра беришпейт.
ЖАМБАШ
Милдетиңиз: Чапкылоо, кармалоо, сылоо
Денесинин бул бөлүгүн кармалоодон, сылап-сыйпоодон, массаж жасоодон, назик чапкылоодон, ал тургай тиштегилөөдөн эркектердин 70 пайызы дүүлүгүп чыга келишет. Анткени көптөгөн нервдердин бүткөн жери жамбашты башка эрогендик зоналар, айрыкча жыныстык мүчө менен туташтырып турат. Ошондуктан жамбашты сылоодо жыныстык мүчө кошо дүүлүгүүгө учурайт.
КУРСАК
Милдетиңиз: Өпкүлөө, кытыгылоо
Эң негизги эрогендик зонага жеткирчү акыркы «аялдама». Бул жерде көпкө кармалуу эң жакшы жыйынтык берет. Акырын алаканыңыз менен сылап, эринди тийгизип-тийгизбей өпкүлөңүз. Ошондо мырзаңыздын гитара кылдарындай дирилдеп чыкпаганын көрө бер. Ишиңизди токтотпоңуз! Көкүрөктөн баштап киндикке чейин башты көтөрбөй өпкүлөй бериңиз. Бир аз шоколад же бал сүйкөп алсаңыз, таасири күчтүү болот.
Астра Айдарова
erotika@super.kg