Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда 27 жаштагы аял зордукчунун курмандыгы болгон. Бул тууралуу 5-августта Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. Милицияга аял арыз менен кайрылып, таңкы саат алтылар чамасында Калыс-Ордодогу үйүнөн чыгып, көчөдө баратканда белгисиз эркек кол салганын айтат. Ал курмандыгын сабап, зордуктап, из жашырып кеткен. Бул кылмышка шектелип Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg